Акырын талкалайт. Уйку безинин рагына кабылган алып баруучу белгилерин атады

© AP Photo / Rogelio V. SolisПроблема с ожирением в Мехико
Проблема с ожирением в Мехико - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык алып баруучу шишик тууралуу ал соңку стадияга жетип калганда билген. Эркек киши ичи менен белинин оорушуна жана терисинин түсү өзгөрүп кеткенине убагында көңүл бурган эмес.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Уйку безинин акыркы стадиясы менен жабыркап жаткан америкалык журналист жана алып баруучу Алекс Требек оорунун көпчүлүк маани бербеген белгилери тууралуу коомчулукка айтып берди. Бул туурасында "Известия" жазды.

Анын айтымында, рактын аталган түрү узак убакыт бою оорутпагандыктан дартка кабылганыңды билүү кыйын.

"Ичим менен белим дайыма ооруп, теримдин түсү өзгөргөнсүп калган. Бул коркунучтуу илдеттин биринчи белгиси экен. Мен аны текшерилгенге чейин билбей жүрө берипмин, аттиң...", — деген журналист.

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Анжелина Жоли апасынын өлүмү жана төшүн алдырып салганы тууралуу ачык маек берди
80 жашка чукулдап калган Требек диагноз коюлгандан кийин канында канттын көбөйүп кеткендигин, арыктап калганын жана териси саргарып кеткендигин билген.

Маалыматта уйку безинин рагы оңой менен аныкталбай тургандыгы айтылат. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, шишиктин аталган түрүнөн каза тапкандар арбын. Оорулуулардын 90 пайызы 55 жаштан жогорку адамдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0