Майрамдан кийин күптү болуп кыйналгандар үчүн диетологдун 5 кеңеши

© Sputnik / Эмиль СадыровНациональное блюдо бешбармак
Национальное блюдо бешбармак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис ашыкча тамактын азабынан оолак болуп, беттин өңүн жакшыртам дегендерге минерал сууну сорбент же магнезий кошуп ачкарын ичүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Дарыгер-диетолог Анна Петрина той, майрамдардан кийин күптү болуп кыйналгандарга кеңеш берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Генеральный прогон спектакля Red Bull Изнанка - Sputnik Кыргызстан
Шайтандан коркуу оору менен байланыштуу. Окумуштуулардын иликтөөсү
Маалыматка ылайык, күчтүү азыктардан кийин суткасына 1,5-2 литр суу же көк чай ичүү керек. Диетолог дене тарбия көнүгүүлөрүнө дагы көңүл бурууга чакырган. Анын айтымында, машыгуу учурунда булчуңдар көптөгөн заттарды бөлүп чыгарып, зат алмашууну жөнгө салып, ичеги-карындын иштешине жардам берет. Спорт залдан кийин баняга барып, чөп чай ичип койсо болот. Бирок дарыгер менен кеңешүү керек.

Ашыкча тамактын азабынан оолак болуп, беттин өңүн жакшыртуу үчүн минерал сууга сорбент же магнезий кошуп ачкарын ичүү керек. 

"Бирок дарыгерден суроо зарыл, себеби зыян жактары болуп калышы ыктымал. Мындай суу тамак сиңирүү системасына, полип жана өтүндө ташы барларга залакасын тийгизиши мүмкүн", — деген диетолог.

Ошондой эле адис жакшылыктарга барганда майлуу тамакты ченеми менен жеп, ичимдикти да алына жараша ичүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0