Ала жипти аттабагыла! Өзү жазган мыйзамды бузган киши эл алдында жазаланды

CC0 / Pixabay / Scott WebbОбращение к психологу
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши көңүлдөшү менен пляждын жээгинде көңүл ачып отурган жеринен кармалып, кийинчерээк эл алдында жазасын алган.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Индонезияда жубайлардын бири ала жипти аттаса жазага тартылат деген шартты киргизген мыйзамдын автору көңүлдөшү менен кармалып, эл алдында жазаланды. Бул туурасында ВВС жазды.

Мухлис бин Мухаммед теологиялык кеңештин мүчөсү болуп, түгөйүнүн көзүнө чөп салгандарды жазалоо боюнча мыйзамды катаалдаткан процесске катышкан.

Кол кармашып бараткан түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала жипти аттаган эркекти жүзүнөн кантип билсе болот? Иликтөө
Аны Ачех провинциясында автоунаада күйөөсү бар аял менен көңүл ачып отурган жеринен кармашкан. Экөө туристтик пляждын жээгине автоунаа менен келип токтогон.

Өзү демилгелеген жазанын негизинде 46 жаштагы эркек киши 28 ирет балак алган. Ал эми аял 25 ирет шапалак жеген. Бул жазалоого жүздөгөн киши күбө болгон. Мухлис жана анын көңүлдөшүнө мыйзамда айтылган жазадан эки балак азыраак урулган, себеби алар мындан сырткары, бир айдан ашыгыраак убакыт темир тордун артында отурган. Эми демилгечи шаардык кеңештен да айдалмай болду.

10 жыл мурда Индонезия бийлиги Ачех провинциясына ислам мыйзамдарынын киргизилиши боюнча өзгөчө тартип киргизген. Шарияттын мыйзамдарында никеси жок төшөк мамилеси, кумар оюндары, арак ичүү жана өндүрүү мыйзамсыз деп эсептелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0