05:43 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
АКШ президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт

Трампка импичмент жарыялоо процедурасы расмий башталды

© Sputnik / Илья Питалев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
12601

Дональд Трамптын аракетин чалгындоо комитети карап чыга турган документ кабыл алынды. Импичмент демилгесинин от алып кетишине Трамп менен Зеленскийдин ушул жылдын июль айындагы телефон сүйлөшүүсү себеп болгон.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. АКШ конгрессинин палата өкүлдөрү (төмөнкү палата) көпчүлүк добуш менен президент Дональд Трампка расмий түрдө импичмент процедурасын баштоо боюнча резолюцияны кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Мындай маалыматты  палатанын спикери Нэнси Пелоси добуш берүүнүн жыйынтыгы менен билдирген.

Резолюцияга, тагыраагы, импичментти өткөрүү эрежесине 232 адам добуш берсе, 196 адам каршы болгон. Добуштар көбүнчө партиялык белгилер боюнча бөлүштүрүлгөн. Палатадагылардын көбү  — демократтар.

Документке ылайык, Трамптын аракетин иликтөө чалгындоо комитетине тапшырылды. Эгер айыптар тастыкталса, ал палата өкүлдөрүнүн кароосуна коюлат. Мыйзам чыгаруучулар келтирилген күнөөлөрдүн бирин колдосо, президент расмий түрдө импичментке кабылат. Андан кийин импичменттин талкуусу сенатка өтөт.

Мамлекет башчыны кызматтан четтетүү үчүн үчтөн эки добуш керек. Республикачылар көбүнчө сенаттыктарга (төмөнкү палат) ишенип жатканы айтылды. 

Конгресстеги добуш берүүдөн кийин Ак үйдөн президент жаман иш кылбаганын, демократтар, тагыраагы, палатадагы көпчүлүк өкүлдөрү бул туурасында биле турганын кабарлашкан.

"Ненси Пелосинин акылга сыйбас оопайлыгы менен демократтардын мыйзамсыз импичмент процедурасы Трампка эмес, америкалыктарга зыянын тийгизет", — деп билдирген президенттин маалымат кызматы.

Демократтар убактысын маанилүү маселелерге эмес, "жалган импичментке" коротуп жатканын белгилешкен.

Импичменттин себеби

Импичмент боюнча демилгенин от алып кетишине Трамп менен Зеленскийдин 2019-жылдын июль айындагы телефон сүйлөшүүсү жаңы себептердин бири болду. ЖМКлардын маалыматында Америка лидери жашыруун деген маалыматты айтып коюп жана Киевди иликтөөнү жасоого мажбурлаганга аракет кылган. Трамп муну танган. Андан сырткары, бул иш Жо Байденди жана анын Украинадагы коррупцияга аралашкан иштерин жаап-жашыруу үчүн болгон аракет деген. Байден Трамптын шайлоодогу мурдагы саясий аттандашы.

Тема боюнча

Трамп аялы экөө конфетин түшүрүп ийген балага жардам бербей коюшту. Видео
Белгилер:
резолюция, импичмент, Дональд Трамп, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ