Аль-Багдадинин өлүмү боюнча "Ислам мамлекети" үн катты

© AFP / JOSEPH EIDВойна в Сирии
Война в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" террордук уюмунун лидеринин жок кылынганы тууралуу 27-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп билдирген.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюм башчысы Абу Бакр аль-Багдади жок кылынганын тастыктаганын РИА Новости Рейтер агенттиги ислам менен байланыштуу Amaq сайтына шилтеме берди деп жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, Аль-Багдадинин "орун басарлыгына" Аби Ибрахим аль-Хашеми аль-Кураши аттуу адам шайланган.

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун лидеринин жок кылынганы тууралуу 27-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп билдирген. Ал эми Пентагон коомчулукка аталган террордук уюмдун жетекчисинин сөөгү кантип жок кылынгандыгы тууралуу видеону жарыялаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0