Алдыдагы 30 жылда суу алдында калчу аймактар аталды

© REUTERS / Adrees Latif Тропический шторм Харви в Техасе
Тропический шторм Харви в Техасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсептөөлөр боюнча эң көп зыянды Кытай, Япония, Индия, Вьетнам, Таиланд, Бангладеш, Индонезия жана Филиппиндер тартат.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Алдыдагы 30 жылда климат өзгөрүп, суунун деңгээли көтөрүлө тургандыктан жүз миллиондогон киши турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болот. Бул тууралуу Nature басылмасы жазды. 

Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, 2050-жылга карата 300 миллион киши жашаган аймактар суу алдында калат. Ал эми 2100-жылы учурда 200 миллион киши жашаган жер таптакыр жашоого ыңгайсыз абалга келет.

Япониядагы Хагибис тайфунунун кесепети - Sputnik Кыргызстан
Японияда тайфундун кесепетинен 4,5 миңдей адам үйүнө кайта албай турат
Эсептөөлөр боюнча эң көп зыянды Кытай, Япония, Индия, Вьетнам, Таиланд, Бангладеш, Индонезия жана Филиппиндер тартат. Аталган өлкөлөрдүн жээктери суу алдында калат. Учурда бул аймактарда 150 миллион киши жашайт, алардын 70 пайызы үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болот.

Аралча мамлекеттер толугу менен суу алдында калышы ыктымал. Мисалы, Мальдив аралдарынын жарымынан көбү 80 жылдын ичинде жок болушу мүмкүн экени айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0