Ал жакта дин деген жок. Сириядан келген казак келиндин азаптуу окуясы

© AFP / DELIL SOULEIMANЛагерь Аль-Холь в Сирии
Лагерь Аль-Холь в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириядан Казакстанга кайтып келгенден кийин ал бети-башын жапкан кийим кийүүдөн баш тарткан. Эми башкаларды куткарып калуу үчүн баштан өткөргөн азаптуу күндөрүн айтып берди.

БШИКЕК, 31-окт. — Sputnik. Казакстандык Альбина Мансурова Сириядан кайтып келген аялдардын бири. Ал бөтөн жерден кайгы менен ыйды гана көргөнүн айтып берди. Эми ал башка кишилердин өмүрүн сактап калуу үчүн Сириядан көргөндөрүн баяндап берүүнү чечкен.

Sputnik Казакстан агенттигинин жазышынча, Мансурова Сирияда паранжа кийип жүрсө, Казакстанга кайткандан кийин жашоосун толук өзгөртүүнү чечкен.

Казакстандык келин Сирияга күйөөсү менен кетип, алты жыл жашаган. Бирок согуш жүргөн аймактардан чыгып кетүү оңойго турган эмес.

Аял ачкадан өлүп калбоо үчүн балдары менен чөп жеген күндөрү болгонун эстейт.

"Ал жакта адилеттүүлүк деген жок. Кишилер кара мүртөз, жини чукул. Андан сырткары, өлгөн адамдарды көрөсүң. Ачарчылык баскан... Буга чейин айтылгандардын баары саясат болгонун түшүндүм, ал жакта дин деген жок. Бул азаптан өзүмдү жана балдарымды куткаруу үчүн Казакстанга кетүүнүн жолун издеп баштадым. Бирок ал оңой болгон жок", — деди ал.

Үч жолу ийгиликтүү өткөн "Жусан" гуманитардык операциясынын жыйынтыгы менен Сириядан 600 казакстандык мекенине кайтарылган. Анын 30у — эркек, 137си — аял жана 406сы — балдар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0