Шойгу: күрд кошуундары Сирияга мөөнөтүнөн мурда сүрүп чыгарылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЗаседание комитета Госдумы РФ по обороне с участием главы минобороны РФ С. Шойгу
Заседание комитета Госдумы РФ по обороне с участием главы минобороны РФ С. Шойгу  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшембиде саат 18.00дө (21.00 бшк) күрд түзүмдөрүн Сириянын түндүк-чыгыш аймагынын чек арасынан 30 чакырым алыс чыгып кетүүсүнө берилген убакыт аяктады.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Сириянын түндүк-чыгышындагы чек арага жакын аймактан күрд түзүмдөрүн сүрүп чыгаруу боюнча түзүлгөн Сочи келишими мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Шейшембиде саат 18.00дө (21.00 бшк) Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд кошуундарын чек арадан 30 чакырым алыс жерге алып чыгууга берилген убакыт аяктады. Бул орус-түрк меморандумун аткаруунун алкагында болуп жатат.

"Ал жакка Сириянын чек арачылары жана биздин аскер полициябыз кирди", – деп билдирген Шойгу Армениянын коргоо министри Давид Тоноян менен болгон сүйлөшүүдө.

Мындан сырткары, Шойгу Россия менен Армениянын эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жаатында тажрыйбасы мол экенин белгилеген.

Ошондой эле ал Сирияда эки өлкөнүн офицерлери миналарды зыянсыздандыруу жаатында активдүү гуманитардык жардам көрсөтүп жатканына токтолду.

"Иштер аябай активдүү жүрүп жатат. 100 чарчы чакырым жердеги миналар жок кылынды. Жарылуучу каражаттардын бир нече түрү зыянсыздандырылды.
Ага улай эле дарыгерлер калкка медициналык жардам берип, операция жасап тажрыйба топтошууда", – деди Шойгу.

Күрддөр америкалык аскерлерди помидор менен урду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Күрддөр америкалык аскерлерди помидор жана картошка менен урду. Видео
Түркия 9-октябрдан тарта Сириянын түндүк-чыгышында күрд отряддарына каршы "Тынчтык булагы" аттуу операцияны баштаган. Бул иш-чаралар Күрддөрдүн жумушчу партиясы менен "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы багытталган. Ушул эле күнү Түркиянын аскерий учактары Сириянын Рас эль-Айн шаарын жана эки мамлекеттин чек арасына жакын жердеги бир нече шаарга сокку урган. 20-октябрга алынган маалыматтар боюнча, операциянын жыйынтыгында 765 террорчу жок кылынса, Түркиянын жети аскери набыт болгон.

Сириянын бийлиги Түркиянын басып алуучулук саясатын бир нече жолу сынга алган. Өз кезегинде Россия Түркия Сирия жаңжалын жөнгө салуучу аракеттерге каршы келген кадамдардан оолак болушу керектигин билдирген.

Ал эми 7-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп араб республикаларынын түндүгүндөгү Американын аскерлерин алып чыгарын жарыялаган.

Келишимге ылайык, Сириянын армиясы түндүк тарапка тартылып, буга чейин күрддөр ээлик кылган аймактарды көзөмөлүнө алган. Анын ичинде Ракка шаары да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0