ЛЭР лидери: Зеленский үмүт берип тим болгон президент бойдон калышы мүмкүн

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүИнаугурация избранного главы ЛНР Л. Пасечника
Инаугурация избранного главы ЛНР Л. Пасечника  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киев Донбасста тынчтыкты орнотуу боюнча билдирүү жасоодо. Өзүн-өзү жарыялаган Луганск Элдик Республикасынын башчысы Леонид Пасечник Киев берген убада тууралуу, Зеленскийдин Донбасстагы жаңжалды бир жылда жөнгө салуу боюнча айтканы кандай кабыл алынганын айтып берди.

ЛЭР лидери туткундагыларды алмашуу жана Золотое калаасындагы күч менен каражаттарды бөлүштүрүү эмнеге алигүнчө ишке ашпай келе жатканын да түшүндүрдү. Ошондой эле өзү башкарган республикада Россия Федерациясынын паспортун канча тургун алганы боюнча маалымат берди.

— Украина президенти Владимир Зеленский маалымат жыйындарынын биринде Донбасстагы жаңжалды бир жыл ичинде чечүүгө ниеткер экенин жар салды. Леонид Иванович, украиналык лидер бул максатты кандай жол менен ишке ашырууга тийиш деп ойлойсуз?

Өз алдынчалуулугун жарыялаган Донецк элдик республикасынын башчысы Денис Пушилин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пушилин: Зеленский Порошенконун катасын кайталап жатат
— Бул чечимин жүзөгө ашыруу үчүн Зеленский мырзанын эрки күчтүү болуусу шарт. Белгилүү бир мөөнөт айтылганы менен республикаларда бул билдирүү этибарга алынган жок. Зеленский жана анын тобу убада эле берип келе жатат, ал эми иш жүзүндө аткарылганы түзүгүрөөк эч нерсе жасабай кеткен Порошенкочолук да боло элек. Буга кошумча, биз Донбасста тынчтыкты орнотуу боюнча улам жаңы пландарын тыңдап эле келе жатабыз. Кандайдыр бир жаңы саясий моданын бөлүгү сымал, башта украиналык саясатчылар Донбасстагы калкты жок кылуу ыкмаларын сүрөттөөдө, кийин Украинанын келечеги боюнча пикирин курч билдирип келишти, эми кезек жаңжалды жөнгө салуу пландарын сунуштоого жетиптир. Ар бир ой жүгүртө билген киши Украина Минск форматын буйтап өтө албасын жакшы түшүнөт. Убада курулай да болуп калышы ыктымал. Бирок “норманд форматынан” амалданып, тамашалай, эбин таап өтүп кетүүгө мүмкүн эмес.

Минск келишимдерин жүзөгө ашыруу боюнча чаралардын жыйындысы — бул окууга, ал тургай жаттап алууга да жеткиликтүү аксиома. Анда баары так, түшүнүктүү, ырааттуу жазылган. Зеленский андагы нускама боюнча ирети менен кадам таштоого гана тийиш. Аны эбак эле ойлоп таап, жазып коюшкан. Эгер аткара алса, тынчтык орнойт, ишке ашыра албаса, анда үмүттөндүргөн гана президент боюнча кала берет.

— Расмий Киев мунапыс боюнча бардык мыйзамдарды кабыл алганын жарыялады, бирок Донбасстагы республикаларда андай билдирүү чындыкка дал келбесин такташты. Минск келишимдеринин текстинде мунапыс боюнча пункт шайлоо өткөрүү жөнүндөгү бөлүмдөн мурун жазылган. Андан тышкары, серепчилердин баамында, Донбасста шайлоо өткөрүү мунапыссыз мүмкүн эмес. Бул боюнча эмне айтасыз?

— Мунапыс — Минск келишимдериндеги пункттардын бири. Аны аткаруудан баш тартуу менен Украина тарап кепил болгон өлкөлөрдүн сунуштарын жана бул документке өзү койгон колун тоотпогондук кылат. Аткарылчу чаралардын жыйындысын Киев өз маанайына карап тандап ишке ашыра албайт, ошондуктан Украинага жакса да, жакпаса да ар бир пункттун сөзсүз ишке ашырылышын талап кылабыз. Макулдашылган документ турат, анын талаптары аткарылышы абзел.

— Акыркы ирет туткундарды алмашуу 2017-жылы болгон. Бул багытта сүйлөшүүлөр кандай жүрүүдө? Качан болорун болжолдой алабызбы?

— Луганск Элдик Республикасынан аскер туткундарын алмашуу боюнча жумушчу топ бардык зарыл аракеттерди көрүүдө. Өзүбүз жактан милдеттенмелердин бардыгын аткарып жатабыз, диалогго дайым даярбыз. Бирок биздин оппоненттерден ушундай кадамдарды байкай албай турабыз, ошол себептен азырынча эч нерсе болжолдой албайбыз.

— Украиналык күч органдары ЛЭРдин Золотое калктуу пунктунун каражатын жана күчүн бөлүштүрүү тилкесинен өз күчтөрүн чыгарып кетүүдөн баш тартууда. Сиздин оюңузча мунун себеби эмне? Республика тарабынан күчтөрдү чыгаруу  үчүн жаңы тилкелер каралып жатабы?

Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Украина президенти Зеленский журналисттер менен 14 саат баарлашып, рекорд койду
— Дагы кайталоого аргасызмын, Донбасста тынчтык орното турган аракеттердин түшүнүктүү, бекитилген планы колдо турат. Аны аткаруу керек же баш тартуу зарыл. Ал эми өз мойнуна алган милдеттенмелердин аткарылбай жатышын Украинанын өкүлдөрүнүн эл аралык деңгээлде жаман окуучудай шылтоо айтып турганы акылдан адашканыбы, аткаргысы келбегениби же аткара албаганыбы деп шек саноого түртөт.

Сырттан караганда, кыязы, Зеленский азырынча улутчулдардын экинчи толкунун баса албагандай. Күтө туралы. Бирок Украинадай өлкөгө иш жүзүндө фашисттердин оюн эрежелерин президентке таңуулап турганы — жапайычылык.

— Ушул тапта Луганск Элдик Республикасында РФ жарандыгын алууга документ тапшыруу кызуу жүрүүдө. Канча адам РФ паспортун алып, канча киши тапшырык берди?

— Бүгүнкү күндө республиканын 30 миңден ашуун тургуну Россия Федерациясынын паспортун алды, дагы 50 миң киши документ тапшырды. Жылдын аягында паспорттоштуруу процессине катышкан адамдардын саны 100 миңден ашат. Аталган процесске адамдардын ашыгып катышып жатканы — бул көптөн күткөн чечим экенин айгинелейт. Муну мен далай ирет айтып келгем. Паспорттоштуруу боюнча иш алпарган бардык кызматтар өтө уюшкандыкта эмгектенип жатышат, ченемден ашыра иштөөгө аргасыз кызматкерлерге ыраазычылык билдиргим келет. Айрым участоктордо чындап эле иш ченемден алда канча ашып кетүүдө. Ошентсе да аларды учурунда жоюп жатабыз, атай кетсек, жакында эле электрондук кезек тутумун ишке киргиздик. Бул биздин жарандарга аталган кызматтан сырттан пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0