АКШ башкы террорчу Аль-Багдадини жок кылганын айтты. Россия ага ишенбей турат

© REUTERS / Reuters TVЛидер запрещенной в РФ террористической группировки ИГ Абу Бакр аль-Багдади
Лидер запрещенной в РФ террористической группировки ИГ Абу Бакр аль-Багдади - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ Россия өзү көзөмөлдөгөн Сириядан америкалык тик учактарды өткөрүп жиберди деп жар салды. Алардын айтымында, аба техникасы "Ислам кыймылынын" башчысын жок кылууга учуп бара жаткан. Муну Россиянын Коргоо министрлиги четке какты.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп "Ислам мамлекети" уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдадини америкалык аскерлер жок кылгандыгын жар салган. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, атайын операция учурунда Аль-Багдади аскерлердин көзүн жазгырууга аракет кылып жатып, жан кечтинин куруна жарылып өлгөн. Анын ким экендиги "тез эле такталган".

Трамп аны менен кошо эки аял менен үч бала каза тапкандыгын кошумчалады.

"Ислам мамлекети" уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдади өлдү", — деген ал маалымат жыйынында.

Сириядгаы Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия Сириядагы операциясын токтотконун жарыялады. Окуянын өнүгүшү кандай болду
Анын айтымында, Россия өзү көзөмөлдөгөн аймак — Сириядан америкалык тик учактарды өткөрүп жиберип, "эң сонун кылган". Ал Россия АКШ кандай миссияны мойнуна алып баратканын алдын ала билген эмес деп белгилеген.

Ала арада Ак үй Трамптын Багдадини жок кылып жаткан операцияга байкоо салып турган сүрөтүн жарыялады.

Россиянын Коргоо министрлиги АКШнын террордук уюмдун башчысын жок кылган операциянын чын эле болгондугунан шек санап турат. Бул туурасында аталган ведомствонун расмий өкүлү Игорь Конашенков билдирди.

"Коргоо министрлиги Түркиянын көзөмөлүндө турган деэскалация аймагындагы Идлибде "Ислам кыймылынын" башчысын "кезектеги жок кылуу" боюнча атайын аскердик операция өткөндүгү боюнча так маалыматты алган жок", — деп айткан Конашенков.

Анын айтымына караганда, акыркы күндөрү АКШ же коалиция тарабынан Идлибге абадан бомбалоо жасалган эмес. Россияга Сириянын аба мейкиндигинен америкалык авиациянын учуп өткөндүгү да белгисиз бойдон калууда.

Россиянын Коргоо министрлигинен АКШ Аль-Багдадинин "Жебхат ан-Нусра" уюму ( "Аль-Каиданын" филиалы ) көзөмөлдөп турган аймакка келгенин далилдеши керектигин айтышты. Себеби Сирия өкмөтү көзөмөл кыла албай калган Идлиб аймагы "Жебхат ан-Нусрага" карайт.

"Ал топ ар дайым "Ислам мамлекети" жана анын өкүлүн кеп-сөзгө келбей турган жеринде жок кылып турган. Муну алар Сириядагы бийлик үчүн күрөштөгү негизги атаандашы катары жасашкан", — деп айтышты ведомстводон.

Жалал-Абадда Сириядагы согушка катышты делген киши кармалды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда Сириядагы согушка катышты делген киши кармалды. Видео
Конашенков "Ислам мамлекетин" Россиянын көмөгү менен Сирия армиясы талкалаган 2018-жылдан бери Аль-Багдадинин кезектеги өлүмү Сириянын учурдагы абалы же Идлибдеги террорчулардын калдыгы үчүн эч кандай деле мааниге ээ эместигин айтты.

Башкы террорчунун жок болушу туурасындагы маалыматка Кремль комментарий берди. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА менен сүйлөшүп жатып, бул жаатта россиялык аскерий ведомствонун комментарийин негиз кылып алууга чакырды.

"Коргоо министрлиги бардыгын айтты", — деген ал.

Аль-Багдади (Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри — ред.) коомчулукка 2014-жылдын июль айында Мосул шаарын басып алып, Жакынкы Чыгышта "ислам халифатын" орнотом деп жар салгандан тартып чыга баштаган. Андан бери Аль-Багдадинин жок кылынгандыгы тууралуу басылма беттеринде бир нече ирет маалымат чыгып, бирок тастыкталган эмес.

2011-жылы АКШнын мамлекеттик департаменти Аль-Багдадинин жүргөн жерин так билдиргендерге 10 миң доллар убада кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0