25 футбол талаасындай... Беш жылда бүткөн эң ири аэропорт алгачкы учагын учурду

© Правительство Пекина / Медиабанкка өтүүДүйнөнүн эң ири аэропорту болуп саналган Кытайдын Пекининдеги "Дасин" аэропорту. Архив
Дүйнөнүн эң ири аэропорту болуп саналган Кытайдын Пекининдеги Дасин аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дасин" терминалынын инженердик долбоору татаал аэропорт болуп саналат. Анын чатыры дүйнөдөгү эң ири чатыр деп табылып, 25 футбол талаасынын аянтына барабар экени белгилүү.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Дүйнөнүн эң ири аэропорту болуп саналган Кытайдын Пекининдеги "Дасин" аэропорту бүгүн таңда алгачкы эл аралык каттамын ишке ашырганын РИА Новости жазды.

Биринчи учак Бангкокко сапар алган. Самолёт абага жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.50дө (Бишкек убактысы боюнча 5.50) көтөрүлгөн.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашык жүккө акча төлөгүсү келбеген турист кыз акыры айласын тапты. Сүрөт
Белгилей кетсек, аэропорттун курулушу беш жыл мурун башталып, быйыл 30-июнда бүттү. Расмий түрдө ишин сентябрдын соңу менен баштады.

Аба майдан Пекинден түштүктү көздөй 46 чакырым алыстыкта жайгашкан. Төрт учуп-конуу тилкеси бар аэропорт жылына 620 каттамды кабыл алууга жөндөмдүү. Долбоорго ылайык, 2025-жылга карата 72 миллион адамды тейлөөгө даяр болуп, жыл сайын эки миллион тонна жүктү иштете алмакчы.

"Дасин" терминалынын инженердик долбоору өтө татаал аэропорт болуп саналат. Анын чатыры дүйнөдөгү эң ири чатыр деп табылып, 25 футбол талаасынын аянтына барабар экени белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0