Дем жетпей өлүп баратам... 39 кишинин сөөгү табылган фуранын жаңы жагдайлары

© REUTERS / Peter NichollsСотрудники полиции у фуры, в которой нашли тела 39 человек, Эссекс, Великобритания. 23 октября 2019 года
Сотрудники полиции у фуры, в которой нашли тела 39 человек, Эссекс, Великобритания. 23 октября 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция 39 кишинин тоңуп калган сөөгү салынган фураны Англиянын чыгышынан тапкан. Ал Грейс шаарындагы өнөр жай зонасына токтотулган. Автоунаа 19-октябрда Болгариядан келген.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Англиянын Эссекс графтыгында табылган жүк ташуучу автоунаанын ичинде тоңуп калган маркумдар өлөр алдында туугандары менен байланышууга аракет кылышкан. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.

Полиция 39 кишинин тоңуп калган сөөгү салынган фураны Англиянын чыгышынан тапкан. Ал Грейс шаарындагы өнөр жай зонасына токтотулган. Автоунаа 19-октябрда Болгариядан келген. Кийин маркумдар Кытайдын жарандары экени белгилүү болгон.

ВВС каналынын жазышынча, фурадан табылган маркумдардын арасында Вьетнамдын да жашоочулары болушу мүмкүн. Вьетнамдын 26 жаштагы тургуну Фам Тхи Тра Маянын туугандары журналисттер менен байланышып, каргаша болор күнү алар билдирүү алышканын айтышкан. Мая ата-энесине дем жетпей жатканы боюнча кат жазып, ошол бойдон байланышка чыккан эмес.

"Апа, мени кечириңиз. Чет жакка кетүү тилегим ишке ашпай калды. Сизди, атамды аябай жакшы көрөм. Дем жетпей жатат, өлүп баратам", — деген билдирүүнү ата-энесине жөнөткөн.

​Ал акыркы билдирүүнү шейшемби күнү саат 22:30да жөнөткөн.

Маянын агасы Фам Тхи Ча Ми карындашы Британияга жетүү үчүн 30 миң фунт (38 миң доллар) төлөгөнүн айткан.

"Ал Кытайга учуп кеткен. Эки күндөн кийин Францияга келген. Ал барган мамлекеттен бизге чалып турчу. Британиянын чек арасынан биринчи жолу 19-октябрда өтүүгө аракет кылган, бирок кармалып калып артка жиберилген. Окуя кайсы портто болгонун билбейм", — деген ал.

Ошондой эле фурада тоңуп калгандардын арасында Вьетнамдын 20 жаштагы тургуну Нгуен Динь Луонг жана 19 жаштагы кыз да болушу ыктымал.

Мужчина пытался остановить собой фуру, но грузовик врезался в АЗС — видео - Sputnik Кыргызстан
Жөө киши жүрүп келе жаткан фураны токтотууга аракет кылып, алдында калган видео
Вьетнамдын Лондондогу элчилиги туугандары дайынсыз болуп жаткан бир нече үй-бүлө аларга байланышка чыкканын кабарлады. Учурда 39 маркумдун 10го жакыны Вьетнамдын тургундары болуп калышы ыктымал деген кооптонуу бар.

Кишилерди тобу менен өлтүрдү деген шек менен Түндүк Ирландиянын 25 жаштагы жашоочусу Мо Робинсон кармалды. Кийин адам сатуу боюнча жең ичинен сүйлөшүп алган деген шек менен 38 жаштагы аял менен 38 жана 48 жаштагы эркек кишилер кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0