Окумуштуулар Александр Македонский кайсы оорудан каза тапканын айтты

© Sputnik / Татьяна Чухрова / Медиабанкка өтүүАлександр Македонскийдин айкели. Архив
Александр Македонскийдин айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар иликтөөнү 1995-жылдан тарта жүргүзүп башташкан. Алар Македонский ооруган оорулардын белгилерин тыкыр талдашкан. Тарыхчылардан Македониянын башчысынын акыркы күндөрүн сураштырышкан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Александр Македонский панкреонекроз (уйку безинин илдети) оорусунан каза тапканы аныкталды. Буга чейин ал малярия (безгек), ич келтеси жана өпкө оорусунан көз жумганы айтылып келген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Пугающие последствия 20 лет сидячей работы на примере женщины.  - Sputnik Кыргызстан
Кечке чейин отуруп иштегендерди 20 жылдан соң эмне күтөт? Үрөй учурган видео
Окумуштуулар иликтөөнү 1995-жылдан тарта жүргүзүп башташкан. Алар Македонский ооруган оорулардын белгилерин тыкыр талдап, тарыхчылардан анын акыркы күндөрүн сураштырышкан.

Иликтөөнүн автору, медицинанын ардактуу профессору Томас Герасимидистин айтымында, Александр курч панкреонекроздон улам жаралган сепсистен (микробдордун канда көбөйүп, организмге тарашы — ред.) көз жумган. Бул ооруга өттөгү таш себеп болушу мүмкүн. Аскер башчынын табити күчтүү тамактарга тартып, ичимдикке жакын болгону айтылат.

"Күчтүү азык-түлүк, винодон ичкенден кийин ичи катуу ооруп, денесин калтырак басып, эки жумага чейин кыйналган", — деп айтылат иликтөөдө.

Ошондой эле профессор Герасимидис Македонский малярия (безгек), ич келтеси жана өпкө оорусунан көз жумган деген маалыматтарды четке какты.

Александр Македонский — Македониянын башчысы, улуу аскер башчы болгон. Кезинде дүйнөлүк державаны түзгөн. Биздин заманга чейин 356-323-жылдары жашаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0