Анжелина Жоли апасынын өлүмү жана төшүн алдырып салганы тууралуу ачык маек берди

© REUTERS / PETER NICHOLLSГолливуд актрисасы Анжелина Жоли. Архив
Голливуд актрисасы Анжелина Жоли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакын туугандары залалдуу шишиктен каза богон соң, актриса чочулап, сүт бездери менен жатын моюнчасын операция жолу менен алдырып салган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Голливуд актрисасы Анжелина Жоли апасынын өлүмү жана анын оорусунун айынан сүт бездерин алдырып салганы тууралуу маек берди. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Эске салсак, актриса 2013-жылдын апрель айында эмчек рагын алдын алуу үчүн сүт бездерин алдырып салган.

"Менин таенем менен апам эмчек рагынан көз жумган. Апамдын акыркы мүнөттөрүндө жанында болчумун. Эсин жоготуп, жүзү бозоруп бара жатканда медайымга чуркап баргам. Апам рак илдети менен 10 жылдай күрөштү. Ошонун айынан неберелери менен ойноп, бактылуу өмүр сүрө алган жок", — деди актриса.

Актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир эле жол бар... Заворотнюктун жакындарына ракты жеңген актриса кеңеш берди
Мындан улам ал залалдуу шишик тукум куушу мүмкүн деп, эмчек жана жатын рагын алдын алуу үчүн анализдерди тапшырган. Илдетке кабылуу коркунучу жогору экени белгилүү болгондо алгач сүт бездерин, кийин жатын моюнчасын алдырып салган.

"Мен рак илдетинен таптакыр кутулдум деп так кесе айта албайм. Бирок көп нерсени алдын алдым. Эң негизгиси, балдарымдын жанында көбүрөөк болуп, неберелеримди көргүм келет", — деди Жоли.

Актрисанын мурдагы жолдошу, актёр Брэд Питт экөөнүн алты уул-кызы бар. Алардын үчөөсүн өзү төрөсө, калган үчөөсүн асырап алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0