Пушилин: Зеленский Порошенконун катасын кайталап жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүӨз алдынчалуулугун жарыялаган Донецк элдик республикасынын башчысы Денис Пушилин. Архив
Өз алдынчалуулугун жарыялаган Донецк элдик республикасынын башчысы Денис Пушилин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз алдынчалуулугун жарыялаган Донецк Элдик Республикасынын башчысы Денис Пушилин Минскиде кол коюлган "Штайнмайердин формуласына"* жана эки сынамык тилкеде күчтөрдү, каражаттарды бөлүштүрүү макулдугу боюнча билдирүүсүнө карабастан Украина бийлигине ишенбейт.

Ал расмий Киев алган милдеттенмелердин толук аткарылышына анча ынана бербейт, дегеле Украинаны ишеничтүү тарап катары көрбөйт. Киевдин ДЭР жана Луганск Элдик Республикасын (ЛЭР) жоюу боюнча талабы боюнча пикирин, ошондой эле эмнеге Украина бийлиги Донбасста тынчтыкты сактай албасы же жарашууну каалабаганы боюнча РИА Новости агенттигинин кабарчысы Юрий Войткевич менен курган маегинде айтып берди.

- "Штайнмайер формуласына" кол коюу маселесинде Киевге кантип таасир эте алдыңыздар?

- Киев эмес, биринчи кезекте буга республикалар жетише алды. Андан тышкары, кепил болгон Россия, Франция, Германия өңдүү өлкөлөрдүн колдоосунда Украинага басым кылып, акыры аталган формулага кол коюуга аргасыз кылдык. Эмнеге формулага кол койдурууга, мындай механизмдерге барууга туура келди? Бул 2015-2016-жылдары эле "Норманд форматында"* макулдашылган. Минскидеги сүйлөшүүгө келген Украинанын өкүлдөрү "Биз бул формула боюнча эч нерсе билбейбиз, бул жаатында эч нерсе кылбайбыз" деп билдиришкен. Анан албетте, баары ошондо токтоп калган.

Бир нече жылдан бери ушул формуланын тегерегинде талкуу жүргүзүп келдик. Украинада бийлик алмашканы Киев Минск келишимдеринин алкагындагы милдеттенмелерин аткарууга мамилесин өзгөртөөрүнө жана иш алдыга жыларына кандайдыр бир үмүт жанган. Ошондуктан биз мурдагы макулдашуулардын эң жеңилин – "Штайнмайер формуласын" алдык. Украина өкүлдөрү буйтап кете албай тургандай кылып баарын байланыш топторунун алкагында каттап жана Норманд чечиминин алкагында тастыктоону сунуштадык. Бул "Норманд форматындагы" шарттардын бири болду.

Андан кийинки шартыбыз – Петровск менен Золотое тилкелериндеги күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүү. Бул жаңыдан бөлүштүрүү эмес, тек гана 2016-жылдын октябрындагы кетирилген кемчиликтерди жоюу, мындан туура үч жыл мурда дал ушул айда Минскиде коопсуздук боюнча топтун алдындагы бөлүк аркылуу ишке ашкан үч тилкенин экөөсүндөгү күчтөрдү бөлүштүрүү жүргөн.

Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Зеленский телефондон сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду?
Эгер формула боюнча алсак, Украина республикалардын басым көрсөтүүсүнө баш ийгенсиди, бирок иш жүзүндө Петровск жана Золотое боюнча ар кандай шыкактоолорду байкап турабыз. Анан калса, алар жаңыдан пайда болгон жок, Порошенко Луганскидеги Станицада бир топко колдонуп келгендегидей эле ушактар. Ал кезде ЕККУ каттап турууга тийиш болгон жымжырттыктын жети күнү боюнча ар кыл жалаалар байма-бай айтылган. Андан соң ЕККУ ошол жети күн аралыгын биринин аркасынан бирин каттаган. Бирок Украина аталган уюм балким уга албай турганын айтып чыккан, бирок биздин куралдуу күчтөрүбүз уккан.

Ошондуктан кайра санап чыгуу абзел. Ал 80 ирет кайталанган, ок чыгарууну жети күнгө токтотуу катталган. Бирок Луганскидеги Станицада эч нерсе өзгөрбөгөн. Ушул чакта Украина акыл калчабай туруп Станицада бөлүштүрүү боюнча аракетке барды, бирок Петровск жана Золотое тилкесиндеги бул кадамдарга бөгөт койду.

Албетте, биз Украина бийлигине түшүнүү менен мамиле кылмакпыз, ансыз да эпке келбеген радикалдар бар, дагы башкалары митингдерге дале чыга калып жатышат. Эгер ошончодон бери биздин аймакка снаряддар учуп келбесе жана бул сүйлөшүүлөрдүн баары бардык мүмкүн болгон форматтарда – Минскидеги "Норманд форматында", алдын ала сүйлөшүү мүнөзүндөгү жолугушууларда катталбаган болсо, булардын баарына түшүнүү менен кароого мүмкүн болмок. Тилекке каршы, Украина бул жаатта кадам таштагысы жоктой.

Радикалдар көйгөйү – Украинанын азыркы бийлигинин көйгөйү. Алардын мүмкүнчүлүктөрү толтура, "Штайнмайер формуласын" ишке ашыруу үчүн мыйзам кабыл ала турган болсо, Жогорку Радада жетишерлик көпчүлүгү отурат. Ал эми бул Норманд жолугушуусун өткөрүү үчүн "Штайнмайер формуласы" боюнча шарттарынын уландысы.

Укук коргоо органдарын тескөөгө бүт мүмкүнчүлүктөрү турат, анткени министрлер кабинети түздөн-түз ушул таптагы бийлик тарабынан куралды. Андыктан алар радикалдар менен да, соңку жылдары Украинада жайнап кеткен башка неоулутчулдар менен да чечише алышат. Бул Украинанын маселелери.

Биз өз милдеттенмелерибизди толугу менен аткаруудабыз, Минск келишимдерин да толук ишке ашырууга даярбыз. Бирок бул бир тараптуу иш эмес. Биз каалап турсак да украиналык мыйзамдарды өзгөртүүгө, украиналык баш мыйзамды алмаштырып, өзгөчө макамды жазып коюуга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Мындай кадамга биз эмес, анан калса Украина болушунча жаңжал тарабына түртө салгысы бар Россия да эмес, Украина өзү барууга тийиш. "Штайнмайер формуласы" жана күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүү боюнча кезек Украинада.

"Штайнмайер формуласы" боюнча мыйзам кабыл алуу менен ишке ашыруу абзел. Жогорку Радада көпчүлүк бар. Демек, бул талапты аткарууга бардык шарттар колдо турат.

Петровск жана Золотое жаатында бөлүп гана коюу керек. Биз даярбыз. Тек гана мындай кадам таштоо зарыл.

- Киев күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүүгө макул болуп, "Штайнмайер формуласына" кол коюп, бирок бул маселелер боюнча аракетке өтпөгөнүн кантип түшүндүрүүгө болот?

Россиянын лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Донбасстын жашоочуларына берилген Россия паспорту тууралуу
— Зеленский Порошенконун катачылыгын кайталоодо. Бийликке тынчтыкты ураан тутуп келген, өзүн тынчтыктын президенти деп даңазалап, биринчи кезекте бейкуттукту орното турганын жар салган. Жарым жылдан ашуун убакыт өттү, ок чыгарууну токтотуу боюнча буйрук бере элек. Ок чыгарууну токтотуу жана бөлүштүрүү боюнча бир дагы, ал тургай, эң негизгилери да Украина тарабынан аткарылбай келет. Ошондуктан Порошенконун эң начар кадамдарын кайталагандай эле кабылдап жатабыз.

— "Штайнмайер формуласындагы" талаптарды Киев аткарчудай түрү барбы?

— Бул боюнча эң кыйкымчыл маанай жагын айта алам – жаңы бийликтин тушунда деле Украинада сөз менен иш эки ача багытта.

— "Штайнмайер формуласынын" аткарылышы Донбасстагы кырдаалды кандай өзгөртө алат?

— "Штайнмайер формуласы" Минск макулдашууларын аткаруу чараларынын жыйындысынын саясий пункттарын ишке ашыруу элементтеринин бири экенин белгилегим келет. "Штайнмайер формуласы" болгону мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, ал тургай, шайлоо өткөрүүгө байланышкан башка учурларды да талкуулоого жол ачат. Бул Донбасс аймагында Минск макулдашууларын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жыйындысында каралган.

Бирок азырынча Украина тараптан бөгөт коюу гана байкалат. Башкача айтканда, Украина эртең эле, бир аптадан кийин, бир айдан соң же кийинчерээк деле бул формула боюнча мыйзам кабылдап ишке ашыра тургандай ниетин көрө албай турам. Тилекке каршы, биз Украина жактан таптакыр бөлөк чакырык, умтулуу, ураандарды угуп жатабыз.

— Мындай жагдайда Киев эмне пайданы көздөп жатат?

— Жөн гана убакытты создуктурууну, радикалдуу маанайдагы элементтердин өз электораты эмес экенин унутуп, аларга жагынууга тырышууда. Алар эч качан радикалдарга жакпайт. Бул аракети – алардын эң чоң жаңылыштыгы. Зеленскийди бийликке радикалдар алып келген жок. Тынчтыкты самаган эл шайлады, ал эми шайлоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, алар шайлоочулардын 70 пайыздан ашыгы.

Бирок Зеленский эмнегедир калктын ошол 70 пайыздан ашыгын тыңдабастан, неоулутчулдук түзүмдөрдүн тобуна кулак салууда. Ал эми алар өздөрүнүкүн таңуулап, согушчул максат жана милдеттерине баш ийдирүүдө.

—Киев "Штайнмайер формуласынын" шарттарын кабылдоосуна эмне таасир эте алат? Буга канча убакыт кетиши мүмкүн?

Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Украина президенти Зеленский журналисттер менен 14 саат баарлашып, рекорд койду
—Дүйнөлүк коомчулукту да, кепил болчу өлкөлөрдү да бир нече ирет чакырдык. Россия гана белгилүү бир кадамдарды жасады, улантып да келет. Алардын баары Украинаны өз милдеттенмелерин аткарышына түртүүгө тийиш эле. Бирок алты жылдан бери Украина кыймылдабайт, ошондуктан Украина качантан тарта Минск макулдашууларын аткара баштарын так айтыш кыйын.

— ДЭР документте камтылган бардык талаптарды аткарууга жана Минск макулдашуулары боюнча алдыга жылууга даярбы?

— Даяр болмок тургай бул туурасында байма-бай билдирип, Минскидеги сүйлөшүүлөргө барган өкүлдөрүбүз да айтып келишет.

Андан сырткары, биз тараптан бардык зарыл кадамдар жасалууда. Минск процесси жана Минск аянтчасы жаңжалды тынч жөнгө сала тургандай абалга жеткибиз келет. Азырынча андан башка арга жок, бирок ага карабастан, Украина башкача көз карашта.

— "Штайнмайер формуласынын" аткарылышы Донбасстагы согуштук аракеттерди толук токтото алабы?

— Минск макулдашууларын аткаруу чараларынын жыйындысы оңой-олтоң эмес, абдан татаал шарттарда түзүлгөн. Компромисстик пункттары оголе арбын. Ошентсе да бул согуштук аракеттердин токтошуна, жаңжалдын толук саясий жөнгө салынышына алып келчү "жол картасы" сымал эле.

Ар бир пунктта жазылгандай, бардыгын толук түрдө аткаруу гана маселени оң жакка чечип, тынчтыкка сүрөйт. Бирок Минск макулдашууларын аткарууга Украинанын ою жоктой.

— ДЭРде күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүү жагдайы боюнча кандай божомолдоого болот?

— 2016-жылдын октябрында эле сынамык тилкедеги күчтөрдүн жана каражаттардын бөлүштүрүлүшүндөгү кетирилген кемчиликтерди жоюуга Украина качан даяр болорун биле албайм.

— Күчтөрдүн жана каражаттардын бөлүштүрүлүшү жаңжалды жөнгө салууда оң жыйынтыкка жетишүүгө көмөкчү боло алабы?

— Эгер ниет же убадалар туурасында айтсак, анда оң жыйынтыктан кеп кылсак болор эле. Бирок бул кандай ишке ашып жатканын көрүп турабыз, тилекке каршы, жылыштын жоктугуна күбөбүз. Мунун баарына Украина себепкер.

— ДЭР жана ЛЭР жоюлгандан кийин Минск макулдашууларын аткаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү Киевдин билдирүүсүн кантип түшүндүрүүгө болот?

Заседание суда по делу журналиста К. Вышинского в Киеве - Sputnik Кыргызстан
Украинанын соту Кирилл Вышинскийди бошотту
— Аталган билдирүүдөн акылга сыяр бүдүр табыштын өзү татаал. ДЭР жана ЛЭР жоюлса, алар ким менен сүйлөшөт, жаңжалды кантип жөнгө салышат? Болбогон кеп, анан албетте, бул эки элдик республика боюнча маселени Украина чечпейт. Бул дал Донбасстын тургундарынын басымдуу бөлүгүнүн өз каалоосу менен чечилген. Алар өз жергесинде жана өз тагдырын өздөрү чечет.

Кимди болбосун жоюу керек болсо, анда Украинанын өзүн жоюп, таркатууга негиз көбүрөөк. Себеби 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш баарыбыздын эсибизде, ал процесстерге бардык тышкы кийлигишүүлөрдү унуткара элекпиз. Жалпысынан Минск макулдашууларын аткарууга балким Украинанын таркатылышы, андан соң тынчтыкты чындап каалаган, калктын эркин ойлоруна негизделчү жана Украинаны милдеттенмелердин калган бөлүктөрүн аткарууга чакыра турган аймактардын жаңы жыйыны түрткү болушу ыктымал.

— Минск макулдашууларын аткаруу менен бир эле убакта ДЭР жана ЛЭРди таркатуу боюнча билдирүүлөрдү кандай түшүнсө болот?

— Украинанын жүзү. Ар түрдүү, бир өңчөй эмес, келечеги жок. Сүйлөшүүлөрдө ишенип болбойт. Билишимче, Минскиде украиналык өкүлдөр тарабынан ДЭР жана ЛЭРди таркатуу боюнча эч кандай билдирүүлөр жасалган эмес, болор-болбос пункттар сунушталган. Бул боюнча кийин гана жарыялашты. Эмнеликтен, эмне үчүн экени эч түшүнүксүз.

— Минскидеги республикалардын өкүлдөрүнүн көз караштарына бул билдирүү таасир эттиби?

— Туруктуу бойдон калуубуз керектигине дагы бир ирет ынандык. Биздин аргументтерге каршы Украина акылга сыяр эч бир нерсе келтире албайт. Минск келишимдерин аткарууга даярбыз, бирок бир тараптуу эмес, Украинадан тийиштүү кадамдарды күтүп турган чагыбыз.

— Дагы канча күтүүгө туура келет?

— Мезгил көрсөтөт. Азыркы көрүнүштөргө карап айтсак, Украинада дале баары начар жагдайда.

Жаңылыктар түрмөгү
0