Бир эле жол бар... Заворотнюктун жакындарына ракты жеңген актриса кеңеш берди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАктриса Анастасия Заворотнюк. Архив
Актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун ооруп калгандыгы тууралуу август айында билинген. Сентябрда дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өзү рак илдетин жеңип чыккан россиялык актриса Александра Яковлева жергиликтүү ЖМКлардын бирине маек берип жатып Анастасия Заворотнюк жөнүндө да пикир айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Анын оюнча, залалдуу шишик менен күрөшүүгө атак-даңк менен акча эч качан жардам бере албайт. Андыктан "жакындары Заворотнюктун аманчылыгын гана тилеп турушу керек".

"Рак жабышканда эч нерсе, байлык да, атак-даңк да жардам бербейт. Оорулуу өзүнүн абалын өзү аңдай билиши керек. Мен ракты жеңип чыгышыма бир гана адис жардам берген. Ошол адамды керектүү учурда кезиктирдик. Ага чейин мен өлүмгө даяр болуп калгам. Багым бар экен", — деди ал.

Яковлева 1980-жылдары жылдызы жанган советтик актриса. "Экипаж", "Чародеи", "Человек с бульвара Капуцинов" сыяктуу тасмаларга тартылган. Ушул жылдын май айында бир нече жылдан бери залалдуу шишик менен күрөшүп жүргөнүн айткан.

Россиялык актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казактын каны бар. Залалдуу шишик менен алышып жаткан Заворотнюк тууралуу 8 факты
Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун ооруп калгандыгы тууралуу август айында билинген. Сентябрда дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан. 

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.

Мындан 10 күн мурда Анастасия Заворотнюктун туугандары актрисанын абалы тууралуу үн катып, ал дарылануусун улантып жатканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0