Фурадан табылган 39 кишинин сөөгү: маркумдардын жарандыгы айтылды

© REUTERS / HANNAH MCKAYСотрудники полиции у фуры, в которой нашли тела 39 человек, Эссекс, Великобритания. 23 октября 2019 года
Сотрудники полиции у фуры, в которой нашли тела 39 человек, Эссекс, Великобритания. 23 октября 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
39 кишинин сөөгү табылган жүк ташуучу автоунаа Британиянын Грейс шаарынын индустриалдык паркында турган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Англиянын чыгышындагы Эссекс графтыгында токтоп турган жүк ташуучу автоунаанын ичинен табылган маркумдар Кытайдын жарандары болгон. Бул тууралуу ВВС басылмасы жазды.

Полиция өлкөнүн чыгышынан жүк ташуучу автоунаанын ичинен 39 кишинин сөөгүн тапкан. Машина Британиянын Грейс шаарынын индустриалдык паркында турган. Транспорт 19-октябрда Болгариядан келгени кабарланган.

Мужчина пытался остановить собой фуру, но грузовик врезался в АЗС — видео - Sputnik Кыргызстан
Жөө киши жүрүп келе жаткан фураны токтотууга аракет кылып, алдында калган видео
Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 39 киши автоунаанын муздатуучу камерасына камалган. Ал жактагы температура -25 градус болгон.

Басылманын жазганына караганда,  кишилер жардам сурап кыйкырган болушу ыктымал. Бирок муздаткычтын сырты калың болгондуктан аларды эч ким укпай калышы мүмкүн. 39 кишинин баары тең тоңуп калган. Арасында бир өспүрүм да бар.

Фураны айдап келген Түндүк Ирландиянын 25 жаштагы тургуну кармалып, адам өлтүрүүгө шектелип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0