Путиндин мураскери боюнча суроого Песков жооп берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент өзүнүн мураскерин тандап, анын жаш курагын жана башка сапаттарын көздөн өткөрөбү же жокпу деген суроого Песков жооп айтты.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль учурда Владимир Путиндин мураскери тууралуу эч нерсе ойлонулбагандыгын айтты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

"Сиз президенттик шайлоого али көп бар деп туура айттыңыз. Биз учурда президенттик циклдин баштапкы стадиясында турабыз. Андыктан азыр мураскер эмес, көп эмгекти талап кылган иш менен алек болуп жатканын өзүңөр деле көрүп турасыңар", — деген ал.

Учурда болжолдуу канча мураскер болушу мүмкүн деген суроого жооп берип жатып, президенттик мөөнөттүн бүтүшүнө дагы көп бар экендигин белгилеген.

Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Путин кайсы окуя үчүн уяларын айтып берди
"Президенттин ишин бизде Конституция жөнгө салып, ылайыктайт. Ал Конституциянын негизинде иш алып барат. Сиздер Баш мыйзамдын буга тиешелүү беренелерин билесиздер да", — деп кошумчалаган.

Путиндин азыркы президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктайт.

Путин мураскери туурасында суроого мурда өзү жооп берип, коомчулуктун кызыгуусун арттырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0