Күзөтчүдөн полицияга чейин. Таиланддын падышасы алты аткаминерди иштен алды

© REUTERS / Athit Perawongmetha / FileТаиланддын падышасы Маха Вачиралонгкорн. Архив
Таиланддын падышасы Маха Вачиралонгкорн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таиланддын падышасы эреже бузду деген жүйө менен бир нече аткаминерди иштен алды. Ал буга чейин макамын ханышага чейин жогорулаткысы келген жубайын наам жана титулдарынан ажыраткан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Таиланддын падышасы Маха Вачиралонгкорн алты саясатчыны кара санатай жүрүм-туруму үчүн кызматынан алганын BBC жазды.

Жумуштан айдалгандардын арасында бир аял, падышанын сарайын кайтарган эки күзөтчү жана жогорку кызматтардын бирин ээлеген полиция бар. Алар ойго келбеген аракеттерди жасаган, кызмат абалын аша чаап пайдаланды деп күнөөлөнүп жатат.

Сынчылар падышанын мындай кадамдары Таиланддагы чексиз бийликтин (абсолютизм) башталышын билдирет деп кооптонушууда.

"Алардын кара санатай кылык-жоругу тартип эрежелерин одоно бузду, кызматын колдонуп пайда көрүүнү көздөгөн", — деп жазылган Таиланд өкмөтүнүн Royal Gazette басылмасынын маалыматында.

Ушул жумада Таиланддын падышасы өзүнүн расмий жубайы Сининат Вонгваджирапакдини наам жана титулдарынан ажыратып дүйнө элин таң калтырган.

Июлда Сининат Вонгваджирапакди расмий түрдө ханышанын консорт наамын алган. Анткен менен үч айдан кийин 34 жаштагы аял макамын ханышага чейин жеткирүүгө аракет кылгандыгы үчүн жазаланганы маалым болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0