Германияда жашыл түстүү күчүк туулду. Сүрөт

© AFP / YOAV LEMMERКүчүк. Архив
Күчүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мохита аттуу жаңы күчүктүн кадимки өңдөгү сегиз бир тууганы бар. Мал доктур жаныбардын терисинин өңү эмнеге жашгылт болуп калгандыгын түшүндүрүп берген.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Германияда алтын түстүү ретвирер тукумундагы иттен жалбыздын өңүндөй күчүк туулду. Бул туурасында Stern басылмасы жазды.

Сейрек түстө туулган иттин окуясы Германиянын Вермелькирхен шаарында катталган. Күчүктүн атын Мохито (жалбыздан жасалган коктейль) коюшкан.

​Басылмада теринин мындай түсү убакыттын өтүшү менен кетип калары айтылат. Мохито өткөн шаршемби күнү жарык дүйнөгө келген. Анын сегиз бир тууганы бар.

Ээси Жоана Жастис тогуз күчүктүн ээси болуп жатып калды.

Мал доктур Кристиан Димитриадистин мындай түстүн себебине биливердиндин (өттүн. — ред) жашыл пигменти себеп болушу мүмкүн экендигин түшүндүрүп берген. Тагыраагы, күчүк энесинин курсагында жатканында боелуп калган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0