Сүйүнгөнүнөн так секирген ит интернет жылдызы болду. Видео

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСобака. Архивное фото
Собака. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанганынан кожойкесинин бою менен тең секирген иттин видеосу интернетке тарап, көпчүлүккө жакты. Окуя ит менен ээси сейилдеп жүргөн учурда болгон.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Ээси менен сейилдеп жүргөнүнө бактылуу болгон иттин видеосу бир нече күн ичинде элге тарап кетти. Видео Instagram тармагына жүктөлгөн. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

I’ll have whatever this guy is having @icanteven (via @jessestellick)

Публикация от Barstool Sports (@barstoolsports)

Ары-бери өткөндөр бул көрүнүшкө таң калып, видеого тартып алышкан. Эки күн ичинде ал кадрларды эки миллион киши көрдү.

Анда көрүнүп тургандай, иттин мынчалык бийик секиргенине карабай кожойкеси камырабай кетип бара жатат. Мындан улам иттин секириги ал үчүн көнүмүш адат экенин билсе болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0