Россия космоско туристтерди алып барчу кеме куруп жатат

© Photo / NASA/Christina H KochКосмос. Архив
Космос. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча турист катары космоско кимдер уча турганы ачык айтыла элек. Кеме Space adventures компаниясынын акчасына курулат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. "Союз" кемеси Эл аралык космос станциясына туристтерди алып баруу үчүн бүтүндөй экипаж эмес, бир гана кесипкөй космонавт башкара тургандай кылып жасалат. Бул тууралуу "Роскосмос" мекемесинин директору Сергей Крикалевго шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Буга чейин Space adventures компаниясы "Роскосмос" менен келишим түзүп, 2021-жылы туристтерди космоско алып барчу "Союз" кемесин куруп жатканы айтылган.

"Космоско кесипкөйлөр учканда кемени экипаж башкарып, бири экинчисинин кылганын кайталайт. Туристтер барганда бул жагын жөнөкөйлөтүп, бир гана космонавт башкаргыдай кылуу пландалууда. Бул үчүн башкаруу аппараттары бир кишиге ылайыкталып жатат", — деди Крикалев.

Спутник: Выход в открытый космос женского экипажа астронавтов из США  - Sputnik Кыргызстан
Эки аялдын ачык космоско чыгышы. Тарыхтагы биринчи окуянын түз эфири
Бирок азырынча турист катары кимдер уча турганы ачык айтыла элек. Болгону кеме Эл аралык космос станциясына кошулбастан эле барып келүүгө ыңгайлаштырып курулушу мүмкүн экени белгилүү болду.

Кеме Space adventures компаниясынын акчасына курулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0