Өлүмгө чейин алып барат. Балдарга аспирин берүүнүн кесепети

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, аспириндин курамындагы ацетилсалицилдик кислота вирустуу инфекция менен аралашканда баланы Рейе синдромуна алып келиши ыктымал. Бул боорду жабыркатат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 12 жашка чейин балдарга сасык тумоо жана башка оорулар учурунда аспирин берүүгө болбой турганын РИА Новости дарыгер-терапевт Ирина Ярцевага шилтеме берип жазды.

Адистин айтымында, аспириндин курамындагы ацетилсалицилдик кислота вирустуу инфекция менен аралашканда баланы Рейе синдромуна алып келиши ыктымал.

"Рейе менен өспүрүмдөр жабыркайт. Бул боордун оорусу. Илдет учурунда орган акырындап бузулгандыктан, баланы тышынан карап илдетке кабылганын биле албайсың. Дарыгерлердин көмөгү зарыл", — деген Ярцева.

Адис илдет өтүшүп кетсе өлүмгө чейин алып барышы мүмкүн экендигин билдирди.

Буга чейин окумуштуулар чыканактын кургашы кайсы оорулардан кабар берерин айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0