Шойгу: Сирия боюнча милдеттенмесин аткарууга АКШнын 91 мүнөтү калды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коргоо министри Сергей Шойгу. Архив
Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшембиде Россия менен Түркия согуш оту жанып турган Сирия боюнча макулдашкан. Эки өлкөнүн башчыларынын пикиринде бул документ Сирия-Түркия чек арасындагы чыңалган кырдаал боюнча маселени жөнгө салат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. АКШнын Сирия боюнча милдеттенмесин аткарууга бир жарым сааты калды деп айтты Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу. Бул туурасында РИА Новости жазды.

" АКШнын өзүнө алган милдеттенмесин аткарууга 1 саат 31 мүнөт калды. Бир саат 31 мүнөттөн кийин алар аткарабыз деген милдетин алган үч пунктта жазылган 120 саат аягына чыгат. Алардын саны бирде үч, бирде 11 болгон. Анда бардык оор техникаларды жана аскердик бөлүктөрдү алып чыгып кетүү жөнүндө айтылган", - деди Шойгу.

Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШнын мамлекеттик катчысы: Трамп Түркия менен согушууга даяр
Шейшемби күнү Россия менен Түркия согуш оту жанып турган Сирия боюнча макулдашкан. Эки өлкөнүн башчыларынын пикиринде бул документ Сирия-Түркия чек арасындагы чыңалган кырдаал боюнча маселени жөнгө салат.

9-октябрдан тарта Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд отряддарына каршы "Тынчтык булагы" операциясын баштаган. 17-октябрда АКШ менен Түркия операцияны 120 саатка токтото туруу боюнча сүйлөшүп, күрд кошуундарын Түркия менен Сириянын чегиндеги 30 чакырымдык буфердик аймакка алып чыгуу тууралуу кеп болгон.

21-октябрда Сирияда чет элдик согушкерлер камалып турган 12 абактын кароосуз калганы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0