Сирияда согушкерлер камалган 12 түрмөнүн кароосуз калгандыгы айтылды

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСирийские военнослужащие патрулируют тюрьму. Архив
Сирийские военнослужащие патрулируют тюрьму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шойгу Россиянын Коргоо министрлиги мекенине кайткан террорчулар менен күрөшүүдөгү топтогон тажрыйбасын Азия-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөр менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Түркиянын операциясынын айынан Сирияда чет элдик согушкерлер камалган 12 түрмөнүн кайтаруусуз калганы алардын мекенинде террорчулардын миграциялык толкунун жаратышы мүмкүн. Бул туурасында РФтин коргоо министри Сергей Шойгу айтканын РИА Новости жазды.

Визит президента РФ В. Путина в Туркмению - Sputnik Кыргызстан
Путин: "Ислам мамлекети" КМШнын түштүгүндө таяныч жайларын ачууга аракеттенүүдө
9-октябрда Эрдоган Сириянын түндүгүндө Күрдстан жумушчу партиясына жана "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операция башталганын жар салган.

17-октябрда АКШнын вице-президенти Майк Пенс Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Сириядагы согушту токтотуу боюнча макулдашуу болгонун айткан. Түркия YPG (Жогорку күрд кеңешинин куралдуу түзүмү) күчтөрүнө 120 сааттын ичинде коопсуз жайга чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берип, чабуулду токтотору кабарланган.

"Операциянын кесепетинен Сирияда качкындар лагери менен чет элдик согушкерлер кармалып турган 12 түрмө кароосуз калган. Бул факты алардын тарыхый мекенине кайтуусунда террорчулардын миграция толкунун жаратышы ыктымал", — деп айткан Шойгу Пекинде өтүп жаткан Сяншань форумунун отурумунда.

Министр "террорчулардын идеологиясын жайылтууга дүйнө коомчулугу болгон-бүткөн күчүн бириктирип каршы туруу зарылдыгы айдан ачык көрүнүп тургандыгын" айтты.

"Россиянын Коргоо министрлиги бул жаатта топтогон арбын тажрыйбасын Азия-Тынч океан аймагындагы биздин өнөктөштөр менен бөлүшүүгө даяр", — деп айткан Шойгу.

Террорчулар демекчи, жакында эле милиция Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда Сириядагы согушка катышты делген кишини кармаган видео тараган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0