Үй тазалоочу каражаттар өпкө илдеттерин пайда кылышы мүмкүн. Иликтөө

Жазылуу
Химиялык кошулмалары бар тазалоочу заттардын адамдын ден соолугуна зыянын иликтерден мурда окумуштуулар медайымдардын өпкө илдеттерине көп чалдыгарын байкашкан.

БИШКЕК, 21-окт. - Sputnik. Үй, кеңсе жана башка жайларды тазалоо үчүн колдонулган каражаттар аны пайдаланган адамдын дем алуу системасын ооруга чалдыктырышы ыктымал. Бул тууралуу Гарвард университетинин окумуштуулары иликтеп чыкканын Daily Mail басылмасы жазды.

Химиялык кошулмалары бар тазалоочу заттардын адамдын ден соолугуна зыянын иликтерден мурда окумуштуулар медайымдардын өпкө илдеттерине көп чалдыгарын байкашкан.

“Медайымдар оорукананы жана өздөрү колдонгон жабдууларды таза кармоо үчүн ар дайым тазалоочу заттарды колдонууга мажбур. Ошентип дайыма химиялык каражаттардын жанында дем алган кызматкерлер өпкө ткандарын жабыркатат. Кесепетинде өпкөнүн обструктивдүү өнөкөт оорусу пайда болот”, — деп айтылат макалада.

Маалыматка караганда, бул илдет адатта 10-15 жылдан ашуун чылым чеккен кишилерде кездешет. Мындан тышкары, адамда өнөкөт бронхит пайда болушу ыктымал.

Андыктан адистер үй кожойкелерине жана ишинде тазалоочу каражаттарды көп колдонгон адамдарга жууп-тазалоо учурунда беткап колдонуп, кийин бөлмөнү жакшылап желдетүүнү сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0