08:21 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Россиянын ӨКМ кызматкерлери. Архив

Красноярскидеги кырсык: жоголгондорду издөөгө аба ырайы тоскоол болуп жатат

Пресс-служба ГУ МЧС России по Красноярскому краю
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
261 0 0

19-октябрда Россиянын Красноярск крайында дамба жырылган. Кырсык Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:00дө болгон. Анда эки жатакана суу алдында калган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Красноярск крайындагы дамба жырылып, суу каптаган аймактагы куткаруу иштерине авиацияны пайдаланууга аба ырайы тоскоол болуп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эске салсак, 19-октябрда Россиянын Красноярск крайында дамба жырылган. Кырсык Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:00дө болгон. Анда эки жатакана суу алдында калган. Алардын ар биринде 80дей адам болушу мүмкүндүгү айтылган.

"Кар аралаш жамгыр жаап тургандыктан куткаруу иштерине тик учактарды колдонуу мүмкүн болбой жатат. Ошондой эле кырсык болгон аймакты жырылуудан улам майдаланган курулуш материалдары суу менен кошо келип каптап калгандыктан куткаруучу иттер ойдогудай жыт албай жатат. Азыр жеринде 230дан ашык куткаруучу жана 40тай атайын техника иштеп жатат", — деп жазылат маалыматта.

Акыркы кабарларга караганда, көз жумгандардын саны 15ке жетип, дагы алты киши дайынсыз болууда.

Тергөө комитети ишти алып барууда техникалык коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгогон. Жергиликтүү бийликтин айтымына караганда, дамба "Сибзолото" холдингине таандык. Маалыматтарда анткен менен бул объектинин эч жерден каттоодон өтпөгөндүгү жана бардык эрежелерди бузуп өз алдынча курулганы айтылууда.

Эске салсак, мындан он жыл мурда Россияда эң ири Саяно-Шушенская ГЭСинде дамба жырылган. Анда 75 адам каза болуп, 13 киши жабыркаган.

Тема боюнча

Россияда жырылган дамба. Жоголгон 13 кишинин жетөө тирүү табылды
Жээнбеков Красноярск крайындагы окуядан улам Путинге көңүл айтты
Белгилер:
Авиация, куткаруу, кырсык, ӨКМ, Красноярск, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ