15:29 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор. Архив

ЖМК: Конор Макгрегордун 20 жаштагы кызды зордуктаганы айтылууда

© AP Photo / John Locher
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
95301

Спортчунун расмий өкүлү маалыматты четке кагып, мушкерди мындай жол менен каралагысы келгендер көп экенин айтты.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор 20 жаштагы кызды зордуктаганы тууралуу маалымат тарады. Бул жөнүндө Fox News кабарлады.

Телеканалдын маалыматына караганда, окуя Дублин шаарындагы (Ирландия) барлардын биринин  унаа токтотмо жайында болгон.

Спортчунун расмий өкүлү  маалыматты четке кагып, мушкерди мындай жол менен каралагысы келгендер көп экенин айтты. Ошондой эле Макгрегорго каршы кылмыш иши козголо элеги белгилүү болду.

Эске салсак, UFC жылдызы буга чейин дагы дал ушундай кеп-сөзгө калган. Анда  өткөн жылдын декабрь айында мушкердин мейманканада аялга күч колдонгону айтылган. 

Мындан тышкары, Конор ошол эле Дублинде барда отурган кишиге кол көтөргөн. Кийин бул факты боюнча иши сотко жетип, кезектеги отуруму 1-ноябрга  белгиленген.

Тема боюнча

Макгрегор кары кишиге кол көтөргөнү үчүн кесилип кетиши мүмкүн
Белгилер:
зордуктоо, Конор Макгрегор, Ирландия

ЭҢ МААНИЛҮҮ