Россияда жырылган дамба. Жоголгон 13 кишинин жетөө тирүү табылды

© Фото / Пресс-служба губернатора Красноярского края / Медиабанкка өтүүПрорыв дамбы в Красноярском крае
Прорыв дамбы в Красноярском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча, плотинанын эскилиги жеткендиктен иштен чыккан. Жеринде 300 куткаруучу, атайын техника жана авиация иштеп жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Россиянын Красноярск крайындагы дамба жырылгандан кийин куткаруучулар тирүү калган жети кишини табышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Красноярск крайындагы окуядан улам Путинге көңүл айтты
Дагы алты жумушчу дайынсыз болууда. Алар күн-түн дебей изделет.

Кырсык 19-октябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:00дө болгон. Анда эки жатакана суу алдында калган. Алардын ар биринде 80дей адам болушу мүмкүн. Кырсыктан 15 адам каза тапты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, плотинанын эскилиги жеткендиктен иштен чыккан.

Жеринде 300 куткаруучу, атайын техника жана авиация иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0