Фанатына жармашып бийлеген Леди Гага сахнадан кулап кетти. Видео

© REUTERS / Mike BlakeАмериканская певица Леди Гага
Американская певица Леди Гага - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Лас-Вегаста өткөн концертте болгон. Сахнадан кулаган фанат жигит менен ырчы жаракат алган-албаганы азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Америкалык ырчы жана актриса Леди Гага сахнада ырдап жатып күйөрманы менен кошо кулап кетти. Окуянын видеосу Twitter тармагына тарады.

ET басылмасы жазганына караганда, бул көрүнүш Лас-Вегаста болгон. Видеодон Гага күйөрманы менен берилип бийлеп жатканын көрүүгө болот. Ырчыны көтөрүп турган фанат жигит бир маалда чалынып кулап кеткен. Алар жаракат алган-албаганы азырынча белгисиз.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0