Назарбаевдин небереси Лондондо соттолду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКазакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айсултан Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин 30 жаштагы небереси Лондондо шарттуу соттолду. Бул тууралуу ВВС жазды. 

Эске салсак, Лондондун Сазарк районундагы Королдук сот Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан полиция кызматкерлерине кол салды деп кармалып, соттук териштирүүлөр башталган.

Президент Казахстана Нурсултан Назарбаев - Sputnik Кыргызстан
Казакстанды 30 жылга чукул башкарды... Нурсултан Назарбаев тууралуу 15 факты
Сот мурдагы президенттин небереси полиция кызматкерине каршылык көрсөткөн маалда баңги заттын таасири алдында болчу деп чечим чыгарды.

Өкүмгө ылайык, Наразбаев бир жарым жылга шарттуу кесилди. Мындан тышкары, ал 140 саат коомдук иштерге тартылышы шарт. Ошондой эле 1 миң фунт айып төлөп, 5 миң фунттук чыгымдын ордун толтурушу керек. Эгер бул шарттарды бузса, шарттуу кесилүүсү реалдуу жаза өтөөгө алмаштырылат.

Айсултан Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу.

Жаңылыктар түрмөгү
0