Кабыланды жиликтеп... Аэропорттогу жүктөн табылган акылга сыйгыс нерселер

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүЖүк текшерүү. Архив
Жүк текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөрдүн аэропорттогу текшерүүдөн адамдын сөөгүн жана коркунучтуу жаныбарларды эч кимге билдирбей алып өтүүгө аракет кылган учурлары болот.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйнө жүзүндөгү аэропорттордун кызматкерлери Reddit порталынын "жүргүнчүлөрдүн жүгүнөн акылга сыйгыс кандай нерселер табылат?" деген суроосуна жооп берди.

Анда жазылгандарга караганда, адамдын сөөгүн жана коркунучтуу жаныбарларды эч кимге билдирбей алып өтүүгө аракет кылган жүргүнчүлөр бар.

"Бир жолу атасы өлүп калган үй-бүлө анын сөөгүн атайын жүк катары эмес, тирүү адам катары алып өтүүгө аракет кылган. Болгону аны майыптар коляскасына уктап жаткан сыяктуу отургузуп коюшкан. Анткени тирүү кишиге караганда сөөктү алып кетүүнүн машакаты көбүрөөк. Бирок чек арачылар коляскадагы адам тирүү эмес экенин билип калышкан", — деп жазган SatansSlutz аттуу колдонуучу.

Ушул эле адам бир жолу жүргүнчүнүн чемоданынан жиликтелген кабыланды таап алганын жазган.

Ирландец развеселил скорбящих родственников на собственных похоронах. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ирландиялык киши өзүнүн тажыясында ыйлаган элди күлдүрдү. Видео
Ал эми YBDum аттуу колдонуучу жүргүнчү аялдын чемоданынан ымыркайдын "колу-бутун" көрүп үрөйү учкан. Көрсө аял кичине баладай болгон куурчакты колу-бутун ажыратып салып койгон экен. Аны аппараттан көргөн чек арачы кескиленген бала экен деп чуру-чуу түшкөн.

Булардан тышкары бир нече кызматкер аэропортто жүктү текшерүү учурунда төшөк кумары учурунда пайдаланчу оюнчуктарды өтө көп кезиктирерин айтышкан.

Ошондой эле учакка башкалардын жашоосуна коркунуч жараткан уулуу жылан, чаян, крокодил сыяктуу жаныбарларды алып кирүүгө аракет кылгандар көп болору белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0