Индияда кызы чарчап калган ата-эне тирүүлөй көмүлгөн ымыркай таап алышты. Сүрөт

Жазылуу
Ымыркай өтө терең эмес жерге көмүлгөндүктөн аба жетип турушу мүмкүндүгү айтылды. Учурда полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Индияда тирүүлөй көмүлгөн ымыркай табылганын The Sun жазды.

Захоронение мусульманина - Sputnik Кыргызстан
Көмүлгөн киши жети сааттан кийин үйүнө келген. Индонезиядагы окуя
Хитеш жана Вайшали Кумар аттуу жубайлардын жаңы төрөлгөн кызы чарчап калган. Ымыркайды көмүү үчүн жумушчулар жер казып жатканда бир метрдей тереңдиктен чоподон жасалган кумуранын ичинде ыйлап жаткан кыз табылган. Кийин ал болжол менен үч күн мурда төрөлгөнү аныкталган.

Табылган ымыркай өтө терең эмес жерге көмүлгөндүктөн аба жетип турушу мүмкүндүгү айтылды. Учурда полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Хитеш менен Вайшали Кумар кызды багып алууга ниеттенип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0