Америкалык аял баңгизат уулун 7 айда кандай өзгөрткөнүн көрсөттү. Сүрөт

© AFP / DOMINICK REUTERГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык аялдын посту социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. Анын алдына 30 миңден ашык комментарий жазылган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Баңгизатка берилген уулу кандайча өзгөргөнүн айтып берген аялдын окуясы соцтармакты кайгыртты.

Американын Миссури штатынын жашоочусу Женнифер Сальфен-Трейси Facebook социалдык тармагына баңгизатын колдонгон уулунун сүрөттөрүн жарыялаган.

Аялдын айтымында, эки сүрөттүн айырмасы болгону жети айды түзөт.

Биринчи сүрөттө 26 жаштагы Коди Бишоп ден соолугу чың, күчтүү жигит көрүнөт. Экинчисинде болсо арыктап, денесин жара каптап кеткенин байкоого болот.

"Бул героиндин жүзү... Кодиден бир нече күндөн бери кабар жок. Үй-бүлөсү, балдары, аны жакшы көргөн туугандары бар адам эмнеге ушундай жолду тандап аларын түшүнүү кыйын", — деди эне.

The Metro жазганына караганда, бул пост социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. Анын алдына 30 миңден ашык комментарий жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0