Түркия батыш өлкөлөрүнө Сириядагы согушкерлерин алып кетүүгө чакырды

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүАлеппо шаары, Сирия. Архив
Алеппо шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак Эрдоган Сириянын түндүгүндө Күрдстан жумушчу партиясына жана "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операция башталганын жар салган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Түркия парламентинин спикери Мустафа Шентоп батыш мамлекеттерин Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун катарында жүргөн согушкер жарандарын алып кетип, аларды өз өлкөсүндө жазалоого чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мындай билдирүүсүн Шентоп террорчулукка каршы туруу боюнча Стамбулда өткөн III конференцияда айткан. Иш-чарага Иран, Пакистан, Афганистан, Кытай жана Россия өлкөлөрүнүн парламент спикерлери катышкан.

"Ислам мамлекети" террордук уюмуна жана Күрдстан жумушчу партиясына кошулган чет элдик согушкерлер баарыбызга чоң коркунуч алып келет. Террорчулар кайсы өлкөдөн келсе, ошол өлкө, айрыкча, Европа мамлекеттери аларды аймагына алып кетип, өздөрү жазалашы керек", — деген Түркия парламентинин спикери.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Турцию - Sputnik Кыргызстан
АКШнын сенаторлору Түркиянын аткаминерлерине санкция киргизүүнү сунуштады
Ал Сириядагы качкындарды мекенине өз каалоосу менен жана коопсуздугун камсыздап кайтаруу боюнча эл аралык аракетти колдой турганын кошумчалады.

9-октябрда Эрдоган Сириянын түндүгүндө Күрдстан жумушчу партиясына жана "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операция башталганын жар салган.

Түрк авиациясы ошол эле күнү Рас эль-Айн жана башка эки өлкөнүн чек арасындагы Сириянын шаарларына сокку жасаган. Сириянын жалпыга маалымдоо каражаттары сокудан жергиликтүү жашоочулар каза болуп, жаракат алганын да кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0