Путин Бердымухамедов менен Aurus автоунаасын сатуу боюнча сүйлөштү

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Туркмению
Визит президента РФ В. Путина в Туркмению - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин Россия менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү акыркы жети айда 62 пайызга өскөнүн айтты.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, Aurus автоунаасын сатуу жана башка сфераларда кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Россия менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү акыркы жети айда 62 пайызга өскөн. Путин бул жакшы көрсөткүч экенин белгилеп, автоунаа куруу жаатында да жетишкендиктер бар экенине токтолду.

"Сиз биздин "Аурус" автоунаасы тууралуу жакшы пикириңизди билдирдиңиз. Машина сизге жакканына абдан кубанычтамын", — деди Путин.

Өз кезегинде Бердымухамедов Россия биринчи Каспий форумун өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Андан сырткары, "Аурус-седан" автоунаасына тапшырык берилгенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0