Кайсы кесип ээлери төшөктө активдүү болот? Окумуштуулардын пикири

CC0 / StockSnap / Жубайлар. Архив
Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер адамдын төшөктөгү активдүүлүгүнө өзүнүн табиятынан тышкары, ишиндеги ар кандай факторлор, иш убактысы жана айланасындагылардын таасири тиерин айтышты.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Британиялык Lelo компаниясы кайсы кесиптин ээлеринин сексуалдык жашоосу өзгөчө активдүү болорун иликтеп чыкты. Анын жыйынтыгын Mirror басылмасы жарыялады.

Адистер жүргүзгөн сурамжылоого 2 миңдей ар кайсы кесип ээлери катышкан. 

Жыйынтыгында төшөк мамилесине  эң жакын адамдар болуп фермерлер чыга келген. Сурамжылоого тартылган фермердин 33 пайызы дээрлик күн сайын сүйүктүүсү менен "убакыт өткөрөрүн" айткан.

Дом престарелых недалеко от Монтобана - Sputnik Кыргызстан
Кытай окумуштуулары узак жашоонун сырын ачышты
Экинчи орунга архитекторлор чыкты, бул кесип ээлеринин 21 пайызга жакыны көңүл ачууга убакыт аябасын билдиришкен.

Үчилтикти чачтарачтар жыйынтыктады. Ал эми тизменин эң акыркы сабында журналисттер калды. Ар бир бешинчи кабарчы айына бир жолу гана сүйүү кумарына батарын жашырган эмес.

Адистер адамдын төшөктөгү активдүүлүгүнө өзүнүн табиятынан тышкары, ишиндеги ар кандай факторлор, иш убактысы жана айланасындагылардын таасири тиерин айтышты.

Lelo — кишилердин сексуалдык жашоосун иликтеп, аны жакшыртуу үчүн каражаттарды чыгарган компания.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0