Тажикстандык модель Miss Tourism World сынагында бикиничен чыгуудан баш тартты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСулуулук сынагынын катышуучулары. Архив
Сулуулук сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык сынак 24-сентябрдан бери Циндао (Кытай) шаарында өтүп жатат. Анын финалы 10-октябрда болот.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Miss Tourism World — 2019 сынагында тажикстандык модель Сабрина Зухурова бикини кийип сахнага чыгуудан баш тартты. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sabrina Zukhurova (@_sabreen_queen_)

Эл аралык сынак 24-сентябрдан бери Циндао (Кытай) шаарында өтүп жатат. Анын финалы 10-октябрда болот.

Тажикстандык модель сынактын бир катар тепкичтеринен өтүп, алдыңкы беш мыктынын арасына кирген. Ал жыйынтыктоочу этапта бикини кийип чыгышы керектигин билбегендиктен улуттук бий даярдаган.

"Мен узун юбка кийип жүргөм. Уюштуруучулар болсо бикини кийишимди өтүнүштү. Албетте, мен баш тарттым. Намыс таажыдан бийик турат", — деди Сабрина.

Бул окуядан кийин калыстар тобу катышуучуга 50 упай берген. Ошентсе да ал алдыңкы 10 катышуучунун катарына илине алган.

Sputnik агенттигине берген интервьюсунда модель сулуулук сынактарына экинчи катышпай турганын билдирген.

Сабрина Зухурова 24 жашта. Ал Тажик улуттук университетинин экономика факультетин аяктап, учурда банкта иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0