Таиланддык киши дүңгүрөтө той жасап, келинчегин карызга батырып кетти

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүЭкспонаты историко-документальной выставки "Ленин"
Экспонаты историко-документальной выставки Ленин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрам учурунда күйөө бала шашылыш түрдө Гонконгго барышы керектигин айтып, из жашырган. Кызга сеп катары чыгарып берилген чекти кошо ала кеткен.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Таиландда өзүн бай катары көрсөтүп, дүңгүрөтө той жасаган киши чыгымын төлөбөй келинчегин карызга батырып кеткенин РИА Новости Bangkok Post баслымасына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Таиланддын 30 жаштагы тургуну Да ушул жылдын март айында Нат аттуу 50 жаштагы киши менен таанышкан. Ал Гонконгдогу ири компанияны жетектей тургандыгын, аябай бай экендигин айткан. Нат бир нече күндөн кийин эле Данын колун сураган.

Сиңдисинин тоюна динозавр болуп келген кыз конокторду таң калтырды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сиңдисинин тоюна "динозавр" болуп келген кыз конокторду таң калтырды. Видео
Апрелде алар расмий түрдө каттоодон өтүп, жакындарын жана досторун Бурирам провинциясындагы заңгыраган отелде өткөн үлпөт тойго чакырышкан.

Салтанат өзү май айында өткөн. Майрам учурунда күйөө бала шашылыш түрдө Гонконгго барышы керектигин айтып, из жашырган. Кызга сеп катары чыгарып берилген чекти да кошо ала кеткен.

Келиндин энесинин айтымында, үлпөт тойдун чыгымы үч миллион бат (6,4 миллион рубль) болгон. Ошол эле учурда тойдун уюштуруучусу салтанатка 300 миң эле бат (640 миң рубль) кеткендигин айткан.

Той өткөн отелдегилер алданып калган кызга карызды бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берсе, ал эми уюштуруучусу сотко арыз жазган. Кыздын ажырашуу үчүн арыз бергени айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0