Калп айтканбы? Мелания Трампты чет тилдерди билбейт деп айыптап жатышат

© REUTERS / Vincent KesslerАКШнын канайымы Мелания Трамп. Архив
АКШнын канайымы Мелания Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президентинин жубайы Мелания Трамп буга чейин немец, италия, француз жана серб-хорват тилинде эркин сүйлөй турганын билдирген.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. АКШнын канайымы Мелания Трамптын мурда айтылгандай бир нече тил билгендиги тууралуу маалымат төгүнгө чыгууда. Бул тууралуу Daily Express басылмасы жазды.

АКШ президентинин жубайы буга чейин немец, италия, француз жана серб-хорват тилинде эркин сүйлөрүн билдирген. Мындан улам америкалык журналист Жон Аравосис биринчи айымдын чет өлкөлүк сапарларында тартылган видеолорду көрүп, анын айтылган тилдердин кайсынысында канча ирет сүйлөгөнүн анализдеп чыккан.

Словенияда орнотулган АКШнын биринчи айымы Меланья Трамптын жыгачтан жасалган келбети - Sputnik Кыргызстан
Сыйладыбы же... Меланья Трамптын жыгачтан жасалган келбети
Мисалы, ал Париждеги мектептердин бирине барган кезде окуучулар менен пикир алышкан. Бирок анда балдар менен француз тилинде учурашып гана койгон. Ал эми G7 саммитинде Франциянын президенти Эммануэль Макрондун сөзүн угуп жатып, котормочунун кызматын колдонгон.

Италиядагы балдар ооруканасына барганда дагы алардын тилинде ээн-эркин сүйлөгөн эмес. Аравосистин айтымында, ал италия тилинде учурашып, бир нече протоколдук сөздөрдү айткан. Бирок ошондо дагы учурашуудан ката кетирген.

Басылманын жазганына караганда, биринчи айымдын италия тилин таптакыр билбегени жолдошу Трамп Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолуккан учурда дагы билинип калган. Анда канайым сүйлөп жаткан Рим папасын эмес, котормочуну карап турган.

Аравосис ошондой эле Мелания Трамп немец тилинде сүйлөөр-сүйлөбөсүн текшерип көргүсү келген. Бирок биринчи айым немец тилинде сүйлөп жаткан бир дагы ролик таба алган эмес.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0