Бөөдө өлүм. АКШнын тургуну кубандырам деген күйөө баласын атып алды

© AFP / KAREN BLEIERТапанча кармап турган адам. Архив
Тапанча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 1-октябрда Галф Бриз шаарында кечинде болгон. Кристофер Берган кайнатасы Ричард Деннистин туулган күнүнө атайы Норвегиядан учуп келген.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Американын тургуну сюрприз жасайм деп Норвегиядан атайы АКШга учуп келген күйөө баласын атып алды. Бул тууралуу People басылмасы жазды.

Окуя 1-октябрда Галф Бриз шаарында кечинде болгон. Кристофер Берган кайнатасы Ричард Деннистин туулган күнүнө атайы Флоридага учуп келген.

Показательные выступления. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Екатеринбургда атылган Каримов. ЖМК 19 млн. рублдин чоо-жайы тууралуу
Жергиликтүү шерифтин айтымында, Деннис бир нече күн мурун анын үйүнө келген бейтааныш киши менен кайым айтыша кетип, аны кууп чыккан.

Ал эми Берган кайнатасы Ричард Деннисти таң калтырайын деп бадалдын ичинен чыга калганда үй ээси аны жакында келип кеткен киши экен деп атып салган. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер жигитти аман алып кала алышкан эмес. Атылган ок анын жүрөгүнө тийген.

Флориданын полициясы окуяга эч ким күнөөлүү эместигин, бардыгы кокусунан болгон кырсык экенин билдирди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0