Боксчу кыз каршылашын өбө коём деп жаакка жеди. Спортчулардын араздашкан видеосу

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБоксчу кыз. Архив
Боксчу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рингге чыкканда атаандашын күтпөгөн жерден өөп жиберген польшалык спортчу кыз жеңишке ээ болуп, чемпиондук наамын сактап калды.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Польшалык боксчу кыз Ева Бродницка чемпиондук кур үчүн беттешүүнүн алдында көз караштар таймашында атаандашы аргентиналык Эди Маттиссе менен чырдаша кетти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ewa Brodnicka (@ewabrodnicka_)

Спортчулар Дүйнөлүк бокс уюму (WBO) уюштурган кармашта күч сынашмак. Анын алдындагы көз караштар таймашында Бродницка атаандашын өөп жиберип, ага жинденген Маттиссе жаакка чабуу менен жооп кайтарды. Жанында тургандар муну көрүп күлүп жиберген. Анан экөө бири-бирин койгулап киргенде арачалап калышты.

Мындан кийин экөө рингде беттешип, натыйжада калыстардын чечими менен өөп жиберген Бродницка жеңишке ээ болуп,  чемпиондук курун сактап калды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0