23:03 11 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
523 0 0

Шаркыратманын төмөн, чуңкур жагынан адистер сууда жаткан беш пилди табышкан. Ал эми тирүү калган эки жаныбарды кийинчерээк аркан менен тартып чыгып, сактап калышкан.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Таиланддагы Хао Яй деп аталган улуттук паркта кичинекейин шаркыратмадан алып чыгуу үчүн аракет кылган беш чоң пил өлүп калды. Бул туурасында РИА Новости Matichon Online порталына шилтеме кылып жазды.

BangkokPostNews басылмасы пилдердин сүрөтүн жарыялады.

​Бул жагымсыз жагдай 5-октябрда таң эрте болгон. Улуттук парктын кызматкерлери пилдердин чаңырыгын угуп, ошол жерге жакын аймактагы сууга чөккөн кичинекейинин сөөгүн жана сактоого далалат кылган эки пилди тапкан. Бул жаныбарлардын катуу кыйналганын сырткы кейпинен байкоо кыйынчылыкка турган эмес.

Шаркыратманын төмөн, чуңкур жагынан адистер сууда жаткан беш пилди тапкан. Ал эми тирүү калган эки жаныбарды кийинчерээк аркан менен тартып чыгышкан.

Буга окшогон көңүл чөгөргөн окуя 1992-жылы да болуп, анда сегиз пил өлүп калган.

Тема боюнча

Пилдин тамтаңдаган баласы. Ичти жылыткан видео
Белгилер:
шаркыратма, пил, Таиланд

ЭҢ МААНИЛҮҮ