07:43 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Спасатели работают на месте обрушенного моста на северо-востоке Тайваня . 1 октября 2019 года

Тайванда кулаган көпүрө беш кишинин өмүрүн алып кетти

© AFP 2019 / SAM YEH
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
138 0 0

Кырсыктын болоруна бир нече ирмемдер калганда күйүүчү май ташыган автоунаанын көпүрөдөн өтүп бара жаткандыгын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Тайвандын Илань уездинде арка түрүндөгү чоң көпүрө кулап, анын кесепетинен беш адам өмүрү менен кош айтышкандыгын РИА Новости жазды.

Буга чейин көпүрө кулап, андан 10го чукул адам жабыркаганы маалымдалган.

Кырсыктан бир нече саат өткөндөн кийин куткаруучулар беш кишинин сөөгүн тапкан. Бир адам дайынсыз болууда. Жабыркагандар индонезиялык жана филиппиндиктер экендиги айтылды.

Видеодон окуя алдындагы мүнөттөрдө күйүүчү май ташыган ири автоунаа өтүп бара жаткандыгын көрүүгө болот. Техника көпүрөнүн четине бир нече метр жетпей, кайра артка, сууга кулаган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Бейкапар жүргөн балыкчыларды көпүрө басып калган. Чочуткан видео
Белгилер:
кырсык, көпүрө, Тайвань

ЭҢ МААНИЛҮҮ