14:52 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт

Төңкөрүш! Трамп өзүнүн импичменти боюнча демилгеге жаңы саясий түс берди

© REUTERS / Kevin Lamarque
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
238 0 0

Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин телефондон сүйлөшүүсү чоң чырдын башы болгон.

БИШКЕК, 2-окт.— Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп анын импичменти боюнча процедураны демократтардын демилгесин төңкөрүш деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Күн өткөн сайын мунун импичмент эмей эле, мамлекеттик төңкөрүш экендигине ишенип бара жатам. Ал элден бийлигин, үнүн, эркиндигин, динин, армиясын тартып алууга, чек арадагы дубалын жана Кудай тарабынан берилген АКШнын атуулунун укугун тартып алууга багытталган!" — деп жазган Трамп Twitter баракчасына.

Трамптын импичменти

Конгресстеги демократ эл өкүлдөрү Трампка импичмент жарыялоо туурасында демилге көтөрүп, аракетин баштаган. Оппоненттер Ак үйдүн азыркы ээсин шайлоодогу мурунку саясий аттандашы — Жо Байденди каралоо үчүн чет мамлекеттен жардам сураган деп күнөөлөгөн. Ал эми Трамптын өзү муну танып, четке кагууда.

Эгерде аны күнөөлөө эл өкүлдөр палатасы тарабынан бекитилип калса, сенатка берилет. Алар мамлекеттин башчысынын тагдырын чечкен акыркы чечимди чыгарат. Сенатта республикачылар, тагыраагы, Трамптын партиялаштары басымдуулук кылат.

Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин телефондон сүйлөшүүсү чоң чырдын башы болгон. Ал гезит-журналдарга чыгып кеткенден кийин чалгын кызматынын өкүлү муну кооптуу деп белгилеп, жетекчисине кат жөнөткөн.

Алгач телефондон эмне деп сүйлөшкөнү элге жайылып, андан соң жазылган арыз чыккан. Стенограмма Трамп Зеленскийди Украинанын мурдагы башкы прокурору Виктор Шокиндин кызматтан кетүүсү боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранганын тастыктаган. Шокин Burisma Group деп аталган компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген. Ишкананын директорлор кеңешине АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байден кирген.

Ал арада даттанган катта айтылган адам — АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкердин кызматынан кеткени боюнча маалыматтар тараган. Мындан сырткары, демократтар парламенттик иликтөөнүн алкагында көрсөтмө берүү үчүн АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеону, Курт Волкерди, андан сырткары, Трамптын жактоочусу Рудольф Жулианды чакырган.

Тема боюнча

Трамп ээрден оой баштадыбы? АКШ конгрессинде импичмент боюнча демилге көтөрүлдү
Трамп G7 лидерлери менен мамилеси кандай экенин айтып берди
Белгилер:
импичмент, Дональд Трамп, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ