Көзүнөн кристалл аккан келин: адистер жаштын курамын аныкташты

Жазылуу
Буга чейин армениялык 22 жаштагы келин ооруп айыккандан кийин эле көзүнөн кристалл чыгып калганы белгилүү болгон. Башында күн сайын көзүнөн 50гө жакын түсү жок кристалл чыгып турган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Көзүнөн кристалл сымал зат чыккан армениялык 22 жаштагы Сатеник Казаряндын анализдери чыгып, геммолог Ольга Радионова бир бүтүмгө келди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлүмгө чейин алып барат! Рактан дагы коркунучтуу беш илдет аталды
Эске салсак, буга чейин армениялык 22 жаштагы келин ооруп айыккандан кийин эле көзүнөн кристалл агып калганы белгилүү болгон. Башында күн сайын көзүнөн 50гө жакын түсү жок кристалл чыгып турган. Бейтап бардык дарыгерге кайрылганын, бирок ушул күнгө чейин так диагноз коюлбай келгенин да айтып берген.

Бир нече күн мурда келиндин үй-бүлөсү кристаллдардын көлөмү чоңоюп жатканын айтып, тынчсыздана баштаган.

Дарыгер көздөн чыккан зат эч кандай кристалл эмес экенин айтты.

"Бул кадимки айнек, муну лаборатория тастыктап берди", — деди Радионова.

Бирок аны мындан ары кантип дарылай турганы тууралуу айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0