Окумуштуулар машина айдап баратканда терс таасир берчү ырларды атады

CC0 / Pixabay / SplitShireНарушение ПДД в КР
Нарушение ПДД в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын аныктамасына ылайык, рок музыкасын угуп, 20 мүнөт жол жүргөн айдоочу орто эсеп менен алдында кетип бараткан автоунааларды 70 жолу ашып өтүүгө аракет кылган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Түштүк-Кытай технологиялык университетинин окумуштуулары машина айдап баратканда кандай музыка жолтоо болуп, кандай музыка кишини сергек алып жүрөрүн аныктаган. Бул тууралуу NME басылмасы жазды.

Автомобильный затор в день черной пятницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек канткенде унаа тыгынынан арылат. Окумуштуулардан 5 ыкма
Илимпоздор иликтөөгө катышкан айдоочуларга алгач алты тилкелүү жолдон музыкасы жок, андан кийин музыка угуп айдап өтүүнү суранышкан. Музыка укпай айдаган маалда айдоочулар жол эрежелерин кынтыксыз сакташкан. Ал эми музыка укканда анын ыргагына жараша маанайы көтөрүлүп, катуу ылдамдыкта айдашкан.

Окумуштуулардын аныктамасына ылайык, рок музыкасын угуп, 20 мүнөт жол жүргөн айдоочу орто эсеп менен алдында кетип бараткан автоунааларды 70 жолу ашып өтүүгө аракет кылган.

"Өзгөчө айдоочулардын маанайына Green Day тобунун American Idiot ыры терс таасир берген. Аны угуп айдаган айдоочулар өмүрүн тобокелге салып, кооптуу делген бурулуштарда ылдамдыкты азайтышкан эмес. Экинчи орунда ырчы Майли Сайрустун Party In The USA чыгармасы турса, үчүнчү орунга The Killers тобунун Mr Brightside ыры татыган", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми айдоочуларды жолдо сак болууга таасир бере турган ырлардын катарын Led Zeppelin тобунун Stairway To Heaven, Red Hot Chili Peppers тобунун Under The Bridge чыгармасы, ырчы Дрейктин God"s Plan ыры, аткаруучу Тотонун Africa жана ырчы Халиддин аткаруусундагы Location ыры толуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0