Кыдыкстан. БУУда Кыргызстан деген сөздү айта албай кыйналышты

© REUTERS / BRENDAN MCDERMID74-я сессия Генеральной Ассамблее ООН
74-я сессия Генеральной Ассамблее ООН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын 28-сентябрдагы отурумунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөдү.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-жыйынына модераторлук кылган киши "Кыргызстан" деген сөздү айта албай кыйналды.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын 28-сентябрдагы отурумунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөдү. Анын видеосу БУУнун сайтына жайгаштырылды. 

Модератор англис тилинде "азыр тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөйт" деп тааныштырып, андан ары мамлекеттин аталышын так айта албай койгон.

Башында модератор "Кыдыкстан" деп, андан кийин такалып жатып "Кыргызстан" деп туура айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0