Маникюр жасатам деп чолок болуп кала жаздаган аял салон менен соттошууда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМаникюр жасатып жаткан кыз. Архив
Маникюр жасатып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканага келген аялга "некротикалык фасциит" деген диагноз коюлган. Бул өтө сейрек кездешүүчү бактериялык инфекция. Терини жана анын алдындагы клетчатканы жабыркатат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. АКШнын Теннеси штатындагы Ноксвилл шаарынын тургуну Жейн Шарп маникюр салонуна барып, өлүмгө алып барчу инфекция жуктуруп алганын NewsChannel5 жазды.

Аял тырмагын жасап жаткан мастер анын сөөмөйүн сайып алганын айтып берген. Кардар буга анча көңүл бурган эмес. Бирок бир нече сааттан кийин жараат алган манжасы шишип, эртең менен шишик чыканакка чейин чаап кеткен.

"Ооруканага келген аялга "некротикалык фасциит" деген диагноз коюлган. Бул өтө сейрек кездешүүчү бактериялык инфекция. Терини жана анын алдындагы клетчатканы жабыркатат. Дарыгерлердин айтымында, эгер аял бир аз гана кечиккенде колунан айрылмак", — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта аялдын маникюр жасап берген салон менен соттошуп жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0