Интимдик жашоону жакшыртуучу көнүгүүлөрдүн түрү айтылды

© Sputnik / Сергей Симов / Медиабанкка өтүүШкола олимпийского резерва по легкой атлетике в Саранске
Школа олимпийского резерва по легкой атлетике в Саранске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэробиканын кыймыл-аракеттери жүрөк жана кан тамырлардын ишин калыбына келтирет. Мындан улам кандын дене бойдогу, анын ичинен жыныстык органдардагы жүгүрүүсү жакшырат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. АКШнын Сексуалдык саламаттык боюнча түндүк-батыш медициналык борборунун адистери спорт залдагы машыгуу адамдын интимдик жашоосуна кандай таасир этерин иликтеп чыгышты. Анын жыйынтыгын CNN жарыялады. 

Окумуштуулардын пикиринде, спорттук көнүгүүлөр адамдын сексуалдык жашоосуна оң таасирин гана тийгизет.

"Аэробиканын кыймыл-аракеттери жүрөк жана кан тамырлардын ишин калыбына келтирет. Мындан улам кандын дене бойдогу, анын ичинен жыныстык органдардагы жүгүрүүсү жакшырат. Негизи эле жүрөктүн жакшы иштешине шарт түзгөн бардык жагдайлар интимдик жашоонун дагы сапатын жогорулатат", — дейт Лорен Стрейхер аттуу дарыгер.

Анын айтымында, жеке жашоосун жакшыртам деген адамдар жумасына 75-150 мүнөтүн машыгуу залдарында өткөрүшү зарыл. Көнүгүүлөр тууралуу айтсак, тез басуу, чуркоо, велосипед тебүү сыяктуулар таасирдүү деп эсептелет. Ал эми оюндардан баскетбол менен футболдун пайдасы көбүрөөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0